Кыргыз Республикасында билим берүү тармагын «Алтын казык» программасына трансформациялоо мезгилиндеги информатика мугалимдеринин ролу

Авторлор

  • Арынбаев Эралы Калилович Ошский государственный педагогический университнт имени А.Мырсабекова

##semicolon##

https://doi.org/10.56122/..v1i2.165

##semicolon##

Алтын казык программасы, санариптик сабаттуулук, информатика мугалимдери, билим берүүнү трансформациялоо, санариптик билим берүү, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, санариптик компетенция, 12 жылдык билим берүү

Аннотация

Бул макалада Кыргыз Республикасында билим берүү системасын түп тамырынан өзгөртүү багытында иштелип чыккан «Алтын казык» программасынын алкагында информатика мугалимдеринин аткара турган негизги ролу талдоого алынган. Программа заманбап билим берүү системасын түзүүгө багытталып, санариптик технологиялардын ар тараптуу колдонулушун талап кылат. Ошондуктан информатика мугалимдери окуучуларды, алардын ата-энелерин жана кесиптештерин санариптик сабаттуулукка үйрөтүүдө маанилүү ролду ойношот. Бул макалада санариптик компетенцияларды калыптандыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды билим берүү процессине интеграциялоо, окуучулардын өз алдынча билим алуу көндүмдөрүн өнүктүрүү, жана мугалимдердин санариптик билим берүү платформаларын пайдалануу сыяктуу негизги аспектилер каралган. Авторлор информатика мугалимдери жаңы билим берүү стандарттарын ишке ашырууда, санариптик коомго окуучуларды жана мугалимдерди даярдоодо жана билим берүү системасын жаңылоодо негизги күч экенин белгилешет. Санариптик билим берүү жана «Алтын казык» программасынын ишке ашуусунда информатика мугалимдеринин кошкон салымы билим берүү системасын эл аралык деңгээлге шайкеш келтирүүгө өбөлгө түзөрү талданат.

##submission.citations##

https://kutbilim.kg/analytics/inner/altyn-kazyk-atkarylgan-ishter-zhana-kelechektegi-plandar/

https://kutbilim.kg/analytics/inner/altyn-kazyk-okuu-programmasy-tolugu-menen-zg-r-t/

https://ky.kloop.asia/2024/08/27/kyrgyzstan-12-zhyldyk-bilim-ber-g-t-t-lk-n-n-bilim-ber-sistemasy-dayarby/

https://kutbilim.kg/news/inner/ar-bir-mugalimge-noutbuk/

Исаев Мовлади Исаевич ГОТОВНОСТЬ СОВРЕМЕННОГО УЧИТЕЛЯ ИНФОРМАТИКИ К ИННОВАЦИОННОЙ ДЕЯТЕЛЬНОСТИ // Kant. 2020. №3 (36). URL: https://cyberleninka.ru/article/n/gotovnost-sovremennogo-uchitelya-informatiki-k-innovatsionnoy-deyatelnosti (дата обращения: 09.10.2024).

Казинец Виктор Алексеевич, Редько Екатерина Александровна ИНФОРМАТИКА В ПЕДАГОГИЧЕСКОМ ОБРАЗОВАНИИ // Современное педагогическое образование. 2021. №4. URL: https://cyberleninka.ru/article/n/informatika-v-pedagogicheskom-obrazovanii (дата обращения: 09.10.2024).

Арынбаев, Э. К. Информатика мугалимдеринин ийкемдүүлүк компетенттүүлүгү / Э. К. Арынбаев // Вестник Ошского государственного педагогического университета имени А. Мырсабекова. – 2023. – No. 1(21). – P. 38-41. – DOI 10.56122/..v1i1.54. – EDN ZKZRLH.

жарыяланган

2024-12-04

##submission.howToCite##

Арынбаев, Э. (2024). Кыргыз Республикасында билим берүү тармагын «Алтын казык» программасына трансформациялоо мезгилиндеги информатика мугалимдеринин ролу. А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жарчысы, 1(2), 99–103. https://doi.org/10.56122/.v1i2.165

##plugins.generic.recommendByAuthor.heading##