Орозалиева Сыдык Алайчиев – өз доорунун белгилүү акыны

Авторлор

  • Орозалиева Таттуугүл А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети

##semicolon##

https://doi.org/10.56122/..v1i2.189

##semicolon##

поэзия, поэзия, параллелизм, индивидуалдуу, проблема, пафос, доор, дидар, шаан-шөкөт.

Аннотация

Сыдык Алайчиев – XX кылымдын ортосунда кыргыз адабиятында өзгөчөлөнгөн акын, акындык өнөрү аркылуу улуттук рухту, маданиятты жана адамдык сезимдерди чагылдырган. Анын чыгармачылыгы кыргыз поэзиясындагы социалдык темаларды жана адамзаттык моралдык-этикалык маселелерди терең изилдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Бул макалада Алайчиевдин поэзиясынын өзгөчөлүктөрү, анын стилистикалык жана тематика жактан байлыгы, ошондой эле акындын коомдук-саясий турмуштагы ролу талданып, анын кыргыз адабиятындагы орду жана маани-маңызы көрсөтүлөт. Акын  кыргыз поэзиясында өз изин калтырып, залкар акындардан таалим-тарбия алып, алар менен кошо эриш-аркак аш-тойлордо айтышка түшүп, аларды бирде жеңип, бирде аларга жеңилип отуруп, табиятынан таланттуу жаралган залкар акындар менен поэзияга сүңгүп кирип, ошол мезгилдин белгилүү акындарынан кем калбай ар түрдүү темадагы ырларды жарата алгандыгы камтылды. Айтор, Бала ырчынын андан ары өнөрү кулач жайгандыгы жөнүндө кенен сөз болду.

##submission.citations##

“Эл ырчылары” жыйнагы. Түзгөн: С.Кайыпов., Фрунзе, “Кыргызстан” – 1981.

Г.Орозова., “Сыдык Алайчиев (Бала ырчы).,”

Б.Сыдыков “Өмүр дастаны”., Б – 2015.

жарыяланган

2024-12-04