Бекназарова ОШ ШААРЫНЫН ЧЕТИНДЕГИ АЙДОО АЯНТТАРЫНДАГЫ ХИМИЯЛЫК ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕРДИН МИГРАЦИЯСЫ
##semicolon##
https://doi.org/10.56122/..v1i2.201##semicolon##
химиялык жер семирткичтер, миграция процесси, аба, суу, топурак, эвтрофикация, азот, фосфор, калий.Аннотация
Бул макала Ош шаарынын четиндеги айыл чарба аймактарында колдонулган химиялык жер семирткичтердин аба, топурак жана суу экосистемаларына тийгизген таасирин изилдөөгө багытталган. Изилдөөдө химиялык жер семирткичтердин топурак катмарында жана аймактагы сууларда миграциясы жана таралышы, алардын концентрациясы жана биогеохимиялык циклдерге тийгизген таасири талданат. Ошондой эле бул химиялык заттардын айлана-чөйрөгө жана адамдардын ден соолугуна мүмкүн болгон терс таасирлери каралат. Химиялык жер семирткичтер айыл чарбасында түшүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн кеңири колдонулат, бирок алардын миграциясы жер жана суу ресурстарынын булганышына алып келет. Миграциянын негизги жолдору топурак аркылуу агып кетүү, атмосферага буулануу жана эрозия болуп саналат. Миграциянын терс таасирлери, анын ичинде суунун булганышы, эвтрофикация жана биологиялык ар түрдүүлүктүн бузулушу талкууланат. Макалада химиялык заттардын миграциясын азайтуу үчүн сунушталган чаралар жана эффективдүү башкаруу ыкмалары да каралат.
##submission.citations##
Бекназарова Ж.М. Химиялык жер семирткичтерди айыл чарбасында пайдалануунун коопсуздугу/ Вестник Иссык-Кульского университета ISSNN 1561-9516. 58/2024
Шевцов, А.Ф., Иванов, Н.П. (2008). Химические процессы в почвах и миграция удобрений. Москва: Наука.
Добровольский, Г.В. (2010). Экологические последствия использования минеральных удобрений. Санкт-Петербург: Издательство СПбГУ.
Карабаев Н. А. Топурак таануу. Б:. “Полиграф бум ресурсы”. 2017.
Абсатаров, Р., Игамбердиев, Т., & Мурзакулов , С. (2023). Оценка успешности интродукции сосны крымской в условиях города Ош. Вестник Ошского государственного педагогического университета имени А.Мырсабекова, 1(1 (21), 51–55. https://doi.org/10.56122/.v1i1.61
##submission.downloads##
жарыяланган
##submission.howToCite##
Чыгаруу
Бөлүм
##submission.license##
##submission.copyrightStatement##
##submission.license.cc.by4.footer##This work is licensed under the Creative Commons Attribution 4.0 International License. To view a copy of this license, visit http://creativecommons.org/licenses/by/4.0/ or send a letter to Creative Commons, PO Box 1866, Mountain View, CA 94042, USA.