ҮЙ-БҮЛӨДӨ БАЛДАРДЫ ТАРБИЯЛООДОГУ НЕГИЗГИ БАГЫТТАР

Авторлор

  • Жаныбекова Эльвира Жаныбековна А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети

##semicolon##

https://doi.org/10.56122/..v2i2.229

##semicolon##

Үй-бүлө, тарбиялоо, педагогикалык маданият, заманбап үй-бүлө, баалуу.

Аннотация

Бул макалада таалим тарбиянын башаты үй- бүлөдөн башталышы, андагы ата- эненин орду өзгөчө көрсөтүлдү.  Балдарды үй-бүлөдө тарбиялоо алардын өнүгүүсүнүн жана инсандыгын калыптандыруунун эң маанилүү компоненти болуп саналат. Үй-бүлө жүрүм-турумдун, моралдык нормалардын жана баалуулуктардын пайдубалдары түптөлгөн негизги коомдук институт болуп саналат. Бул процессте ата-энелер негизги ролду ойнойт, белгилүү бир атмосфераны түзүп, гармониялуу өнүгүүдө жана колдоодо өзгөчө мааниге ээ. Бүгүнкү күндөгү жаштардын тарбиясына токтолуп, алардын оң, терс көрүнүштөрүн атап, аны чечүүнүн жолдорун анализдедик. Кыргыз коомунда “Үй-бүлө тарбиянын башаты” деп айтылат. Баланы тарбиялоо башаты канчалык эрте болсо, ошончолук пайдалуу боло тургандыгы тууралуу ойпикирлер өкүм сүрөт. Алсак, «Бала тарбиясы жашынан, аял тарбиясы башынан», «Баланы жакшылыкка жетелеп жанаштыр, жамандыктан кубалап адаштыр» дейт. Элдик педагогикадагы бала тарбиялоо тууралуу ойлор көрсөтүлдү.

##submission.citations##

Мадаминов Г. М Ата энелер, сиздер үчүн (Эксперименталдык тажрыйбалардын негизинде жазылды) Б.: 2018-112 б

Мадаминов Г.М. Акыл эмгегинин маданияты.-Б.:2024-170 б.

Акматалиев, А. (2000). Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү. – Б.: Шам. – 348.

Хишам аль-Талиб, Абдулхамид Абу Сулайман, Омар аль-Талиб Х 53 Ата-эне менен баланын мамилеси: балдарды тарбиялоо боюнча сабактар (Kyrgyz) ‒ Б.: 2021. ‒ 552 б

Акматалиев, А. (1993). Баба салты, эне адеби: элдик салт. – Б.: Баласагын. - 115.

жарыяланган

2024-12-10