БАЛДАРДЫН АКЫЛ-ЭСИ, СЕЗИМИ ЖАНА ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫНЫН ӨНҮГҮҮСҮНҮН РОЛУ

Авторлор

  • Таабалдиева Айнур Абдырахмановна А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети

##semicolon##

https://doi.org/10.56122/..v2i2.244

##semicolon##

Акыл-эс, психологиялык жана когнитивдик өнүгүү, эмоционалдык интеллект, чыгармачыл иш-аракеттер, тарбия, билим, балдардын потенциалы, социалдык адаптация, ата-энелердин ролу

Аннотация

Бул макалада балдардын акыл-эси, сезими жана чыгармачылыгынын өнүгүүсү адамзат коомунун келечеги үчүн абдан маанилүү экендиги талкуулоого багытталган. Бул процесс баланын жалпы психикалык, интеллектуалдык жана эмоциялык абалын, ошондой эле алардын эмоциялык жана чыгармачыл активдүүлүгүн колдоо зарылдыгын баса белгилейт. Бала эрте курагынан баштап эле дүйнөнү тааный баштайт, анын акыл-эсине, сезимдерине жана чыгармачылык чөйрөсүнө  тарбиячылар, ата-энелер маанилүү таасир этет. Жакшы өнүгүү үчүн баланын акыл-эсин өнүктүрүүгө багытталган оюндар, окуулар жана ар кандай чыгармачылык ишмердүүлүктөр атайын иштелип чыгып, алардын интеллектин, логикалык ой жүгүртүүсүн жана эмоциялык сезимдерин бекемдөөгө жардамы тиет. Чыгармачылыкты өнүктүрүү баланын өзүнүн ички дүйнөсүн ачууга, чыгармачыл идеяларды ишке ашырууга, өзүн-өзү билдирүүгө мүмкүндүк берет. Бул процесстин маанилүүлүгү келечектеги жашоонун сапатына түздөн-түз таасирин тийгизет.

Баланын интеллектуалдык жана эмоционалдык өнүгүүсүнө багытталган тынымсыз колдоо баланын келечектеги туруктуу, ийгиликтүү жана креативдүү жашоосуна шарт түзөт.

##submission.citations##

Балдардын психологиясы. Асанов А. Бишкек-2012.

Педагогика жана психология теориялары. Жумабаев А. Бишкек-2007.

Балдардын чыгармачылыгын тарбиялоо. Мамбетова С. Бишкек-2014.

Балдардын социалдык жана эмоционалдык өнүгүүсү Токсонбаева Ш. Бишкек-2015.

Социально-эмоциональное развитие детей раннего возраста. Костюкова В. И. Санкт-Петербург-2010

Балдардын интеллектуалдык өнүгүүсү: теориялар жана практика. Тулебаева М. Бишкек-2017.

Психология интеллекта. Тулебаева М. Москва-2017.

жарыяланган

2024-12-10