“Дени сак планета-дени сак муун” темасы көркөм адабиятта

Авторлор

  • Жаанбаева Калипа Бердиевна А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети

##semicolon##

https://doi.org/10.56122/..v2i2%20(26).428

Аннотация

"Дени сак планета-дени сак муун" темасы бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча өзгөчө актуалдуу. Негизги идея  планетанын ден соолугу жана адамзаттын келечегинин ортосунда ажыратып алгыс  байланыш бар экендиги менен түшүндүрүлөт. Адамдардын ден соолугу экологиялык шарттарга, таза абага, суунун сапатына жана табигый ресурстарга түздөн-түз көз каранды. Эгерде планетанын  ден соолугу начарласа, анда бул адамзаттын өз ден соолугуна да терс таасир тийгизери анык. Адабият өзүнүн бүтүндөй тарыхында адамзаттын дүйнөнү түшүнүүсү жана аны өзгөртүүсүндөгү маанилүү ролду ойноп келет. Ошол эле учурда коомдук жана экологиялык маселелерди көтөрүп, биздин көз караштарыбызды калыптандырып, ой-пикирлерибизди туура  түзүүгө жана жетилдирүүгө жардам берет. “Дени сак планета-дени сак муун”  темасы  күн санап өсүп жаткан экологиялык кризиске байланыштуу ого бетер мааниси күчөп, адамзаттын табигатка жана анын ресурстарына болгон таасирин терең түшүнүү жана аларды сактоо маселеси көңүл борборун ээлеп баратат.

##submission.citations##

Байгазиев С. Бүркүттүн көз жашы. – Бишкек: Бийиктик, 2008. – 200 б.

Раев С. Топон. – Бишкек: Турар, 2018. – 280 б.

Акматалиев А. Султан Раевдин адабияттагы тополоңу… // АКИpress – Мнения. – 2025.

Акматова Н. С. Этноэкологиялык баалуулуктарга кайрылуу жана алардын жаш муундарды тарбиялоодогу ролу // КРСУ жарчысы. – 2022. – №3. – Б. 45–52.

Дүйшөнбаев П., Дүйшөнбаев М., «Чыңгыз Айтматовдун экологиялык этикасы», Бишкек, «Шам», 2005, 52-280-беттер.

Ч.Айтматов, М.Шаханов, «Аскада калган аңчынын ыйы» («Кылым кыйырындагы сыр ачуу») көркөм-публицистикалык басылмасы, Бишкек, «Учкун», 2001.

«Азаттык» радиосу, Фатима Абдалова уюштурган маектен, 21.04.2009-ж

Би-би-си кыргыз кызматы, Айбек Абдылдаев уюштурган маек, С.Раев:Топон суу каптаса, ал жүрөктөн башталат, 23-ноябрь, 2017-жыл

Edu.gov.kg А.Бейшеналиев:”Планетанын ден соолугу-адамзаттын ден соолугу”, 22-сентябрь, 2022-жыл

жарыяланган

2025-11-11