СПОРТ ЖАРАЯНЫНДА ИНСАНДЫ РУХАНИЙ АДЕП-АХЛАККА ТАРБИЯЛОО

Авторлор

  • Сариева Матлюба Акимовна Ош мамлекеттик университети

##semicolon##

https://doi.org/10.56122/..v1i1%20(21).76

##semicolon##

коом, спорттук арена, ден соолук, мелдеш, ийгилик, бедел, эрк, патриоттуулук.

Аннотация

Ар бир элдин басып өткөн тарыхый жолун, социалдык, экономикалык жана маданий жактан калыптанышына байланыштуу өзгөчө таалим- тарбияга  болгон көз караштары, мекенге болгон сүйүүсү, патриоттуулугу, келечек жаштарды тарбиялоо боюнча мүдөөлөрү, салт – санаалары болору шексиз . Ушул жагдайдан алып караганда дени сак улутту түптөөдө дене тарбия менен спорт тармагын мамлекеттик колдоого алуу абдан маанилүү экендигин учурдун талабы көрсөтүп турат. Анткени, жан дүйнөсү нарк-насилге толгон, адеп-ахлактуу, билимдүү, күч-кубаттуу, сергек жашоону туу туткан жаш муунду тарбиялоо менен калыптандырып алсак, сөзсүз бакубат өлкө курууга жетишерибизде шек жок. Мында, дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин жаш спорттун күйөрмандарын руханий адеп- ахлакка тарбиялоодо орду толгус мээнети бар экендигин белгилеп,  коомдун өзгөрүү доорунда айрыкча спорт жаатында болуп көрбөгөндөй ийгиликтер, жетишкендиктердин жаратмандары болгон  уул- кыздарыбыз элибиздин намысына бекем туруп,  эл аралык спорттук аренада ийгиликтерди жаратуусуна зарыл шарттары түзүү учурдун көйгөйлөрү экендигинде. Андыктан, спорттун өзгөчөлүк тараптарын белгилей кетүү менен адамды ар тараптан тарбиялоодо анын өсүп- өнүгүүсүндө , ден соолукту чыңдоону камсыз кылып, өзүнүн массалуулугу менен мүнөздөлүп, спорттук мелдештерге жана машыгууларга катышуу ден соолукту чыңдоо, бош убакытты максаттуу пайдалануунун эң мыкты шарттарынын бирин көрсөтүп тургандыгы менен маанилүү маселелердин катарын толуктап турат.        

##submission.citations##

Асипова Н. Билим философиясы жана тарыхы. Б.: 2010. 191- бет.

Байгазиев С. Канткенде адам уулу адам болот? 4-том. Б.: 2020 139-бет.

Д. Уернер Үй- бүлөнүн ден соолугу Б.: 2004. 108-бет.

КСЭ. Ф. : 1980. 414-бет.

жарыяланган

2023-06-27