Илимий макала жарыялоо этикасы

«А.Мырсабеков атындагы ОшМУнун жарчысы» журналына илимий макала
жарыялоо этикасы
1. Киришүү
1.1. Илимий журналдарда материалдарды жарыялоо илимий байланыштын жөнөкөй
жолу гана болбостон, илимдин тиешелүү тармагын өнүктүрүүгө да чоң салым
кошот. Илимий макаланы жарыялоого катышкан бардык тараптардын атап
айтканда: авторлор, рецензенттер жана “А. Мырсабеков атындагы ОшМПУнун
жарчысы” илимий методикалык журналынын редакциялык кеңеши үчүн илимий
макала жарыялоо этикасынын стандарттарын белгилөө маанилүү.
1.2. “А.Мырсабеков атындагы ОшМПУнун жарчысы” илимий-методикалык
журналынын редакциясы Илимий коммуникацияларды колдоп, бул процесске
инвестиция салуу менен гана чектелбестен, жарыяланган эмгектеги бардык
заманбап сунуштардын сакталышы үчүн да жоопкерчилик алат.
1.3. Редакция илимий материалдарга жоопкерчилик менен көзөмөл жүргүзүү боюнча
милдеттерди өзүнө алат. Биздин журналдын программалары илимий ойлордун
жана изилдөөлөрдүн өнүгүүсү жөнүндө калыс “отчет” берет, ошондуктан биз бул
“отчеттордун” туура берилиши үчүн өзгөчө бул документте көрсөтүлгөн
басылмалардын этикалык аспектилери жагынан жоопкерчиликти сезет.
1.4. Журналдын редакциялык тобу макалалардын сапатын, практикалык
актуалдуулугун жана этикасын жакшыртууга багытталган илимий басылмалардын
бүтүндүгү жана көрүнүктүүлүгү жөнүндө “Сараево декларациясында” берилген
жоболорду жактырат (http://www.cmj.hr/2016/57/6 /28051276.htm).
2. Редакторлордун милдеттери
2.1. Жарыялоо чечими
2.1. «А.Мырсабеков атындагы ОшМПУ жарчысы» илимий методикалык журналынын
редактору көпчүлүк учурда тиешелүү Илимий коом менен бирдикте басып чыгаруу
жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн жеке жана өз алдынча жоопкерчилик алат. Каралып
жаткан эмгектин ишенимдүүлүгү жана анын илимий мааниси ар дайым жарыялоо
чечиминин негизинде болушу керек. Редактор жалаа жабууга, автордук укукка,
мыйзамдуулукка жана плагиатка карата учурдагы мыйзам талаптары менен чектелип,
«А.Мырсабеков атындагы ОшМУнун жарчысы» журналынын редакциясынын саясатын
жетекчиликке алат. Редакция жарыялоо жөнүндө чечим кабыл алууда илимий-техникалык
кеңеш жана рецензенттер менен макулдашат.
2.2. Адептүүлүк
Редактор авторлордун расасына, жынысына, сексуалдык ориентациясына, диний
ишенимине, тегине, жарандыгына же саясий каалоосуна карабастан кол жазмалардын
интеллектуалдык, илимий теориялык мазмунуна баа бериши керек.
2.3. Купуялуулук
"А.Мырзабеков атындагы ОшМПУнун Жарчысы" журналынын редактору жана
редакциялык коллегиясы кабыл алынган кол жазма жөнүндө маалыматты авторлордон,
рецензенттерден, башка илимий консультанттардан жана басмаканадан тышкары
коомчулука билдирбөөгө милдеттүү.
2.4. Кызыкчылыктар жана конфликттер
2.4.1. Редакцияга берилип бирок жарыяланбаган кол жазмалардагы маалыматтар автордун
жазуу жүзүндөгү макулдугусуз жеке изилдөөдө колдонулушу мүмкүн эмес. Карап чыгуу
учурунда алынган жана мүмкүн болгон артыкчылыктарга байланыштуу маалыматтар же
идеялар купуя сакталышы керек жана жеке пайда алуу максатында колдонулбашы керек.
2.4.2. Кол жазмага байланыштуу кызыкчылыктардын кагылышуусу болгон учурда
(атаандаштык, биргелешкен жана башка өз ара аракеттенүүлөрдүн жана мамилелердин
натыйжасы ж.б.) редакторлор кол жазмаларды кароодон өз алдынча баш тартууга тийиш
(тактап айтканда: редакторду, редактордун жардамчысын сурап алуу же редакциялык
коллегиянын башка мүчөлөрү.
2.5. Жарыяланган илимий макалаларды көзөмөлдөө
Редактор жарыялоого берилген макалага ырастоолордун же тыянактардын туура эмес
экендигин тастыктаган далилдерди алган болсо өзгөртүүлөрдү киргизүү, жарыялоону
алып салуу, жана башка тиешелүү жагдайларын билдирүү максатында бул жөнүндө
редакциялык кеңешке (жана/же тиешелүү илимий коомго) билдириши керек.
2.6. Изилдөө иштерине катышуу жана кызматташуу
Редакцияланган кол жазмаларга же жарыяланган материалдарга карата этикалык
дооматтар болгон учурда, редактор редакциялык кеңеш менен бирге адекваттуу жооп
кайтарат. Мындай чаралар жалпысынан кол жазманын авторлору менен өз ара
аракеттенүүнү жана тиешелүү даттанууну же талапты аргументациялоону камтыйт, бирок
тиешелүү уюмдар жана илимий борборлор менен өз ара аракеттенүүнү да камтышы
мүмкүн.
3. Рецензенттердин милдеттери
3.1. Рецензенттердин редакциялык комиссиянын чечимдерине таасир этиши.
Илимий макалага берилген рецензия редакторго аны жарыялоо чечимин кабыл алууга
жардам берет жана авторлор менен тийиштүү өз ара аракеттенүү аркылуу авторго иштин
сапатын жакшыртууга жардам берет. Рецензиялоо - бул илимий мамилелердин
борборундагы расмий илимий байланыштардагы зарыл звено болуп саналат. “А
Мырсабеков атындагы ОшМПУ жарчысы” илимий журналынын редакциясы басылмага
салым кошууну каалаган бардык окумуштуулар олуттуу рецензия иштерин жүргүзүүсү
керек деген көз карашты бөлүшөт.
3.2. Аткаруучулук жоопкерчилиги
Кол жазманы карап чыгуу үчүн жетиштүү квалификациясы жок же ишти тез аткарууга
жетиштүү убактысы жок болгон учурда, рецензент "А.Мырзабеков атындагы ОшМПУ
Жарчысы" журналынын редакторуна кабарлап, аны тиешелүү кол жазманы карап чыгуу
процессинен алып салууну өтүнүшү керек.
3.3. Купуялуулук
Карап чыгуу үчүн алынган ар кандай кол жазма купуя документ катары каралышы керек.
Бул ишти редактордун ыйгарым укугу жок адамдар менен ачууга жана талкуулоого
болбойт.
3.4. Кол жазмага коюлган талаптар жана объективдүүлүк
Рецензент макалага объективдүү баа берүүгө милдеттүү. Автордун жеке өзүнө жазылган
сын-пикирлер кабыл алынбайт. Рецензенттер өз ойлорун так жана жүйөөлүү түрдө
билдириши керек.
3.5. Негизги булактарды таануу
Рецензенттер кол жазманын библиографиясына кирбеген темага ылайыктуу жарыяланган
олуттуу эмгекти аныкташы керек. Мурда жарыяланган ар кандай билдирүү (байкоо,
корутунду же аргумент) үчүн кол жазмада тиешелүү библиографиялык шилтеме болушу
керек. Рецензент ошондой эле, редактордун көңүлүн каралып жаткан кол жазма менен
Рецензенттин илимий компетенциясынын чөйрөсүндөгү башка жарыяланган эмгектин
ортосунда олуттуу окшоштук же дал келүүчүлүк табылганына бурууга тийиш.
3.6. Ачыкка чыгаруу саясаты жана кызыкчылыктардын кагылышуусу
3.6.1. Берилген кол жазмалардан алынган жарыяланбаган маалыматтарды автордун жазуу
жүзүндөгү макулдугусуз жеке изилдөөдө колдонууга болбойт. Карап чыгуу учурунда
алынган жана мүмкүн болуучу пайдаларга байланыштуу маалыматтар же идеялар
купуялуу болушу керек жана жеке кызыкчылык үчүн пайдаланылбашы керек.
3.6.2. Рецензенттер берилген ишке байланыштуу авторлордун, компаниялардын же башка
уюмдардын ар бири менен атаандаштык, биргелешкен жана башка өз ара
аракеттенүүлөрдүн жана мамилелердин натыйжасында кызыкчылыктардын кагылышы
болгон учурда кол жазмаларды кароого катышпашы керек.
4. Авторлордун милдеттери
4.1. Илимий макалага коюлуучу талаптар
4.1.1. Илимий макаланын “түпнуска илимий макала” (оригинальная научная статья) түрү
боюнча жазган авторлору аткарылган изилдөө иштердин ишенимдүү натыйжаларын,
ошондой эле изилдөөнүн маанилүүлүгүн объективдүү талкуулоону камсыз кылышы
керек. Изилдөө ишиндеги маалыматтар катасыз берилиши керек. Илимий макала
жетиштүү деталдарды жана библиографиялык шилтемелерди камтышы керек. Жалган же
атайылап туура эмес билдирүүлөр этикага жат жүрүм-турум катары кабыл алынып
басмага кабыл алынбайт.
4.1.2. Обзордук жана кыска илимий макалалар (обзорные статьи, короткие сообщения) да
так жана объективдүү болушу керек, Редакциянын көз карашы так көрсөтүлүшү керек.
4.2. Маалыматтардын жеткиликтүүлүгү жана аларды сактоо
Авторлордон редакторлор карап чыгуу үчүн кол жазмага тиешелүү айрым иштетилбеген
маалыматтарды сурашса болот. Авторлор, эгерде мүмкүн болсо, мындай маалыматка ачык
мүмкүнчүлүк берүүгө даяр болушу керек жана кандай болсо дагы, бул маалыматтарды
жарыялангандан кийин жетиштүү убакыт аралыгында сактоого даяр болушу керек.
4.3. Оригиналдуулук жана плагиат
4.3.1. Авторлор сунушталган эмгектин толугу менен оригиналдуу экендигине кепилдик
бериши керек жана эгерде башка авторлордун эмгектери же билдирүүлөрү колдонулса,
алар тиешелүү библиографиялык шилтемелерди бериши керек.
4.3.2. Плагиат башка бирөөнүн эмгегин өзүнүкү катары көрсөтүүдөн баштап, башка
бирөөнүн чыгармасынын маанилүү бөлүктөрүн (авторун көрсөтпөстөн) көчүрүп алуу же
фразаларды өзгөртүү, башка бирөөнүн изилдөөсүнүн жыйынтыгына өзүнүн укуктарын
талап кылуу сыяктуу көптөгөн формаларда болушу мүмкүн. Аталган бардык формадагы
плагиат редакциялык этикага туура келбейт жана жарыялоого жол берилбейт.
4.4. Бир эле илимий ишти ар башка басылмаларга бир мезгилде сунуштоо же басып
чыгаруу.
4.4.1. Жалпысынан алганда, автор бир эле изилдөөгө арналган кол жазманы оригиналдуу
басылма катары бир нече журналга чыгарбашы керек. Бир эле кол жазманы бир эле
учурда бир нече журналга тапшыруу этикага жатпаган жүрүм-турум катары кабыл алынат
жана кабыл алынбайт.
4.4.2. Негизинен, автор мурда жарыяланган макаласын башка журналга кароого бербеши
керек.
4.5. Негизги булактарды таануу
Башкалардын салымын ар дайым моюнга алуу керек. Авторлор тапшырылган иштин
аткарылышына тиешелүү болгон басылмаларга шилтеме кылуусу керек. Жекече алынган
маалыматтар, мисалы, үчүнчү жактар менен сүйлөшүү, кат алышуу же талкуулоо
учурунда баштапкы булактын жазуу жүзүндөгү уруксатысыз колдонулбашы же
берилбеши керек. Жашыруун булактардан алынган маалыматтар, мисалы, кол
жазмаларды баалоо же гранттарды алуу, жашыруун булактарга тиешелүү иштин
авторлорунун ачык жазуу жүзүндөгү уруксатысыз колдонулбашы керек.
4.6. Авторлоштор
4.6.1. Басылманын авторлору болуп эмгектин концепциясын түзүүгө, сунушталып жаткан
изилдөөнү иштеп чыгууга, аткарууга же интерпретациялоого олуттуу салым кошкон
адамдар гана боло алат. Олуттуу салым кошкондордун бардыгы салым кошуучу катары
белгилениши керек. Изилдөөнүн катышуучулары изилдөө долбоорунун белгилүү бир
тармагына олуттуу салым кошкон болсо, алар изилдөөгө олуттуу салым кошкондор
катары тизмелениши керек.
4.6.2. Изилдөөгө олуттуу салым кошкон бардык катышуучулар биргелешип авторлор
катары көрсөтүлүп, бардык авторлоштор акыркы версияны көрүп, макаланы басмага
сунуштоого макулдашат.
4.7. Тобокелдиктер жана изилдөө объектилери адамдар же жаныбарлар болгон
учурларда журналга жарыялоо этикасы
4.7.1. Эгерде жумуш кандайдыр бир адаттан тыш коркунучту камтышы мүмкүн болгон
химиялык заттарды, процедураларды же жабдууларды колдонууну камтыса, анда автор
муну кол жазмада так көрсөтүшү керек.
4.7.2. Эгерде эмгек изилдөө объектиси катары жаныбарлардын же адамдардын
катышуусун камтыса, анда Авторлор кол жазмада изилдөөнүн бардык этаптары илимий
уюмдардын мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык келээрин жана
тиешелүү комитеттер тарабынан жактырылышын камсыз кылууга тийиш. Кол жазмада
изилдөөнүн бардык субъекттеринен маалымдалган макулдук алынгандыгы так
көрсөтүлүшү керек. Купуялуулук укуктары ар дайым сакталышы керек.
4.8. Маалыматты ачыкка чыгаруу саясаты жана кызыкчылыктардын
кагылышуусу
4.8.1. Бардык авторлор өз кол жазмаларында иштин натыйжаларына же тыянактарына
таасир эткен деп кабыл алынышы мүмкүн болгон каржылык же башка
кызыкчылыктардын карама-каршылыктарын ачып берүүгө милдеттүү.
4.8.2. Потенциалдуу кызыкчылыктардын карама-каршылыктарынын мисалдары катары
акы төлөп иштетүү, консультация берүү, акционердик мүлккө ээ болуу, акы алуу,
эксперттик корутунду берүү, патенттик өтүнмө же патентти каттоо, гранттар жана башка
каржылык камсыздоо кирет. Потенциалдуу кызыкчылыктардын карама-каршылыктары
мүмкүн болушунча эртерээк ачылышы керек.
4.9. Жарыяланган эмгектердеги олуттуу каталар
Автор тарабынан жарыялоодо олуттуу каталар же так эместиктер табылган учурда, автор
бул тууралуу "А.Мырзабеков атындагы ОшМПУнун Жарчысы" журналынын редакторуна
билдирүүгө жана басылманы тез арада алып салуу же каталарды оңдоо максатында
редактор менен өз ара аракеттенүүгө тийиш. Эгерде, редактор же басмакана үчүнчү
тараптан жарыялоодо олуттуу каталар бар экендиги жөнүндө маалымат алса, автор ишти
алып коюуга же каталарды мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө оңдоого милдеттүү.
5. “А. Мырсабеков атындагы ОшМПУ жарчысы” илимий методикалык
журналынын милдеттери
5.1. Редакция ушул талаптарга ылайык "А.Мырзабеков атындагы ОшМПУ Жарчысы"
журналынын редакторлору, рецензенттери жана авторлору тарабынан этикалык
милдеттерди аткарууга өбөлгө түзгөн принциптерди жана жол-жоболорду сакташы керек.
5.2. Редакция "А.Мырзабеков атындагы Ошмпу Жарчысы" журналынын редакторлоруна
жарыяланган материалдардын этикалык аспектилерине карата талаптарды кароодо колдоо
көрсөтүп, эгерде бул редакторлордун милдеттерин аткарууга өбөлгө түзсө, башка
журналдар жана/же басмаканалар менен өз ара аракеттенүүгө жардам бериши керек.
5.3. Этикалык сунуштарды, каталарды алуу жана оңдоо жол-жоболорун өркүндөтүү
максатында редакция изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн тийиштүү практикасына көмөктөшүүгө
жана тармактык стандарттарды киргизүүгө тийиш.
5.4 Редакция зарыл болгон учурда тиешелүү адистештирилген юридикалык колдоону
(корутунду же консультация) камсыз кылууга тийиш.