ИЛИМИЙ МАКАЛАЛАРГА КОЮЛУУЧУ ТАЛАПТАР
ИЛИМИЙ МАКАЛАЛАРГА КОЮЛУУЧУ ТАЛАПТАР
«А. Мырсабеков атындагы ОшМПУ жарчысы» илимий-усулдук журналында Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн окумуштууларынын илимий-практикалык жана усулдук мүнөздөгү, төмөнкү багыттагы макалалары жарыяланат: педагогика, гуманитардык илимдер, физикалык-математикалык илимдер, табигый илимдер, филологиялык илимдер.
Макала төмөнкү структурада даярдалышы керек (макаланы даярдоонун үлгүсүн караӊыз):
УДК.
Макаланын аталышы 3 тилде (кыргыз, орус жана англис);
Автор (авторлор) тууралуу маалымат, макала кайсы тилде жазылса, ошол тилде
берилет. Авторлор тууралуу маалымат (фамилиясы, аты-жөнү; окумуштуулук
даражасы жана наамы, иштеген жери, кызматы; телефону, е-mail);
аннотация (100-150 сөз), 3 тилде: кырг., орус., англ.;
ачкыч сөздөр (5 тен кем эмес сөз), 3 тилде: кырг., орус., англ.;
макала электрондук жана кагаз түрүндө берилет, шрифтTimes New Roman №12,
компьютердик 1,5 интервал, абзацтык жылыш 1,25;
кагаздын талаасы: оӊ, сол, жогорку, төмөнкү жактары – 2 см
шилтемелер [5, с. 67] түрүндө берилет, б.а. тизмедеги китептин номери жана
андагы көрсөтүлгөн бет. Эгер бет көрсөтүлбөсө – [5];
макаланын жалпы көлөмү – 6 дан 12 бетке чейин.
Адабияттар макаланын аягында шилтеме берилген тартипте жайгашышы керек.
Тизмеде 5 тен 15 ке чейин адабият камтылышы керек.
Макала редакцияга https://ilim.oshmpu.kg веб-сайты аркылуу жөнөтүлөт.
Башка басылмаларда жарыяланган эмгектерди жарыялоого болбойт.
Илимий макала плагиатка карата (https://strikeplagiarism.com/ru/. , https://antiplagiat.ru)
программалары аркылуу текшерилет. Оригиналдуулугу 70% болгон макалалар рецензияга жөнөтүлөт. Редакцияга келип түшкөн макалалар кош тараптуу анонимдүү рецензияланат. Рецензенттер редакциялык кеңештин мүчөлөрүнүн же бул иштин профили боюнча алдыңкы эксперттердин арасынан тандалып алынат. Оң бааланган макалалар басууга берилет. Талапка жооп бербеген макалалар жарыяланбайт. Редакция макаланы кыскартуу жана редакциялоо укугун өзүнө калтырышы мүмкүн.
Антиплагиат программасынан ийгиликтүү өткөн жана рецензенттен оң пикир алган макаланын авторуна билдирүү жөнөтүлөт жана акы төлөгөндүгү тастыкталганда басамага берилет. Макала акысы Кыргыз Республикасынын аймагындагы авторлор үчүн бир бетине 100 сом. Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары катышкан авторлорго акысыз.