БАЛА ТАРБИЯЛООДО ҮЙ БҮЛӨЛҮК БААРЛАШУУНУН РОЛУ
##plugins.pubIds.doi.readerDisplayName##:
https://doi.org/10.56122/..v2i2.234Ключевые слова:
үй- бүлө, баарлашуу,бактылуулук , сезим, балаАннотация
Бул макалада үй-бүлө ичиндеги баарлашуу үлгүлөрүнүн жана алардын балага тийгизген таасирлеринин ар тараптуу аспектилери көрсөтүлөт. Ата-эне менен баланын ортосундагы баарлашуунун мүнөзү, баланын инсандык калыптанышындагы таасири жана үй-бүлөлүк чөйрөдөгү баарлашуу маданиятын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү изилдөөнүн негизги максаты катары каралат. Муну менен катар, үй-бүлөдө позитивдүү жана колдоочу баарлашуу чөйрөсүн түзүү боюнча илимий сунушталат . Демек үй - бүлөдөгү нарк насилди калыптандырууну ата- бабаларыбыз колдонгон турмуштук идеяларынан жана тажрыйбаларынан колдонуу мүмкүнчүлүгүндө турат. Үй-бүлө — баланын инсандык калыптанышындагы алгачкы жана негизги тарбиялоочу чөйрө болуп саналат, жана бул чөйрөдөгү баарлашуунун ролу өзгөчө чоң. Бул макалада үй-бүлө ичиндеги баарлашуу баланын адеп-ахлактык баалуулуктарын, эмоциялык туруктуулугун, жана социалдык көндүмдөрүн өнүктүрүүдө канчалык маанилүү экендиги каралды. Изилдөөлөрдөн көрүнгөндөй, бала ата-эненин түшүнүктүүлүгү жана колдоосу аркылуу өзүнө ишенимдүү болуп, позитивдүү баарлашуу маданиятын калыптандырат. Ошону менен бирге, үй-бүлөдөгү баарлашуунун түрүнө жана сапатына жараша баланын инсандык сапаттары жана коомдук чөйрөгө болгон мамилеси түзүлөт.
Библиографические ссылки
Ж. Борочоров, А.Раимбекова “Ааламдашуу доорундагы үй –бүлө.”Бишкек- 2013-189 б.
Выготский, Л.С"Психологиялык өнүгүү теориясы." . М.;1982.-149 –б.
Бронфенбреннер, У. "Экологиялык системалар теориясы жана бала тарбиясы."М.; 1986 - 184
М.Сатыпалдиев"Кыргыз үй-бүлөсүндөгү тарбиянын өзгөчөлүктөрү." , М. 2020 - 8.
Гапыр Мадаминов “Жетекчиге жеке талап” Китеп kg.;-2023- 121
Опубликован
Как цитировать
Выпуск
Раздел
Лицензия
Copyright (c) 2024 А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жарчысы

Это произведение доступно по лицензии Creative Commons «Attribution» («Атрибуция») 4.0 Всемирная.
This work is licensed under the Creative Commons Attribution 4.0 International License. To view a copy of this license, visit http://creativecommons.org/licenses/by/4.0/ or send a letter to Creative Commons, PO Box 1866, Mountain View, CA 94042, USA.





