САНАРИПТИК ТРАНСФОРМАЦИЯ ШАРТЫНДА ЧЕТ ТИЛИН ОКУТУУ ПРОЦЕССИНДЕ ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИНИН МЕДИАСАБАТТУУЛУГУН КАЛЫПТАНДЫРУУ ЖОЛДОРУ
##plugins.pubIds.doi.readerDisplayName##:
https://doi.org/10.56122/..v2i2.503Ключевые слова:
медиасабаттуулук, дезинформация, манипуляция, жогорку билим берүү, когнитивдик, сын көз караш, трансформация, санариптик технологиялар.Аннотация
Бүгүнкү ааламдашуу жана санариптик трансформация шартында жогорку окуу жайларында чет тилин окутуу аркылуу студенттердин медиасабаттуулугун калыптандыруу маселеси актуалдуу болуп саналат. Чет тили глобалдык маалымат мейкиндигине чыгуу жана профессионалдык билимди өздөштүрүүнүн маанилүү куралы катары каралат. Изилдөөдө чет тили сабактарында студенттердин маалымат агымын талдоо, маалыматтын аныктыгын текшерүү жана сынчыл баалоо көндүмдөрүн өнүктүрүү жолдору каралды. Медиасабаттуулуктун негизги компоненттери талданып, аларды окуу процессине интеграциялоонун методикалык негиздери сунушталат. Изилдөөдө студенттердин санариптик компетенцияларын аныктоо максатында сурамжылоо жана тест жүргүзүлдү. Натыйжалар студенттердин интернетти колдонуу деңгээли жогору экенин, бирок маалыматты талдоо жана сынчыл иштетүү көндүмдөрү жетишсиз экенин көрсөттү. Бул изилдөө чет тилин окутууда медиасабаттуулукту өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн негиздейт.
Библиографические ссылки
Ж.Баласагын кут билим Бишкек. 2015
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү. Санарип Кыргызстан 2019-2023. Бишкек, 2019.
Медиа сабаттуулук окуу куралы, Медиа билим борбору. Бишкек 2021.
И.Б.Бекбоев Инсанга багыттап окутуу технологиясынын теориялык жана практикалык маселелери. Бишкек-2015
Ж.Бейшаналиева, Билим берүүдө санариптик медиа колдонуу Бишкек 2020.
Т.Джумалиева, Чет тилдеринди окутуунун заманбап методдору Бишкек 2019.
Г.И.Гапарова, Т.М.Сыдыкова Роль информационной культуры студентов при изучении английского языка в техническом вузе Саратов-2024.
Г.И.Гапарова, Т.М.Сыдыкова, Д.Ы.Жусупова Информационная среда как ключевой компонент в преподавании английского языка Саратов-2025.
А. В.Фёдоров Медиаобразование и медиаграмотность. Москва 2015.
Опубликован
Как цитировать
Выпуск
Раздел
Лицензия
Copyright (c) 2026 А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жарчысы

Это произведение доступно по лицензии Creative Commons «Attribution» («Атрибуция») 4.0 Всемирная.
This work is licensed under the Creative Commons Attribution 4.0 International License. To view a copy of this license, visit http://creativecommons.org/licenses/by/4.0/ or send a letter to Creative Commons, PO Box 1866, Mountain View, CA 94042, USA.





