“Башталгыч класстарда Чыңгыз Айтматовдун мурастарын музыка жана адабий окуу сабактары аркылуу интеграциялап окутуу”

Авторы

  • Наргиза Абдиева А.Мырсабеков атындагы, Ош мамлекеттик педагогикалык университети

##plugins.pubIds.doi.readerDisplayName##:

https://doi.org/10.56122/..v2i2.504

Ключевые слова:

Ч. Айтматов, интеграцияланган окутуу, башталгыч класс, музыка, адабий окуу, эстетикалык тарбия, методика.

Аннотация

Бул изилдөө иши окутуу каражаттарынын негизинде башталгыч класстын окуучуларынын көркөм чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү маселесине арналган. Макалада улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурастарын башталгыч мектептин билим берүү процессине интеграциялоонун илимий-методикалык негиздери каралат. Автор окуучуларга терең эстетикалык жана адеп-ахлактык тарбия берүүдө адабий окуу менен музыка сабактарын айкалыштыруунун натыйжалуулугун негиздейт. Макалада Айтматовдун чыгармаларындагы идеяларды музыкалык образдар жана көркөм сөз аркылуу ачууга мүмкүндүк берүүчү педагогикалык ыкмалар талданат. Башталгыч класс окуучуларынын улуттук аң-сезимин жана эмоционалдык интеллектин калыптандырууга өзгөчө көңүл бурулат. Бул эки сабактын интеграциясы баланын инсандык сапатын өнүктүрүүгө жана классикалык адабиятты окууга болгон кызыгуусун арттырууга багытталган ыкма катары каралат. Изилдөөдө теориялык талдоо,байкоо жүргүзүү, салыштырмалуу анализ ыкмалары колдонулду.

Изилдөөнүн жыйынтыгында сабактын максатына ылайык интеграциялоо окучулардын чыгармачылык жөндөмдөрүнүн өсүшүнө оң таасири тийгизери далилденди.

Библиографические ссылки

Асманбекова, К. А. Башталгыч класстарда Ч. Айтматовдун чыгармаларын окутуунун методикалык негиздери. – Бишкек: Билим жана тарбия, 2020.

Айтматов Ч. Чыгармалар жыйнагы. – Бишкек. 2009.

Aitmatov, C. The White Ship (Trans.). – Central Asian Literature Review, 2008.

Иптаров, С. Этнопедагогика жана улуттук баалуулуктар // И. Арабаев атындагы КМУнун жарчысы. – 2018. – № 2(1). – 15-22-бб.

Токтосунова, Р. А. Интеграцияланган сабактар – билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун жолу // Педагогикалык илимий журнал. – 2021. – № 4(2). – 45-52-бб.

Муратов, А. Ж. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын мектепте окутуунун инновациялык технологиялары. – Бишкек: Турар, 2019.

Касымбеков Э.А. Жогорку окуу жайларында кесиптик окутуу педагогдорун даярдоонун дидактикалык негиздери Бишкек: 2015.

Опубликован

2026-06-15

Как цитировать

Абдиева, Н. (2026). “Башталгыч класстарда Чыңгыз Айтматовдун мурастарын музыка жана адабий окуу сабактары аркылуу интеграциялап окутуу”. Вестник Ошского государственного педагогического университета имени А.Мырсабекова, 2(2), 140–145. https://doi.org/10.56122/.v2i2.504