БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫНЫН КЕБИН ӨНҮКТҮРҮҮДӨ ДИДАКТИКАЛЫК ОЮНДАР АРКЫЛУУ «МУНУ БИЛ» ЧЫГАРМАСЫН ОКУТУУНУН ѲЗГѲЧѲЛҮКТѲРҮ
##plugins.pubIds.doi.readerDisplayName##:
https://doi.org/10.56122/..v2i2.520Ключевые слова:
дидактикалык оюндар, көркөм текст, башталгыч класстар, кепти өнүктүрүү, жаныбарлардын үнү, коммуникативдик компетенттүүлүк, монологдук кеп, диалогдук кеп, текстти талдоо, сылык сүйлөө маданияты.Аннотация
макалада Самидин Токтосуновдун “Муну бил” аттуу көркөм тексти башталгыч класстарда дидактикалык оюндар аркылуу окутуп-талдоонун окутуунун теориялык негиздери жана практикалык мүмкүнчүлүктөрү ар тараптуу талданат. Изилдөөнүн негизги максаты – дидактикалык оюндарды колдонуу аркылуу окуучулардын кебин өнүктүрүүнүн натыйжалуу жолдорун аныктоо жана текстти окутууда оюн технологияларынын ролун көрсөтүү. Макалада башталгыч класстын окуучуларынын угуу, түшүнүү, байкоо жүргүзүү, сүрөттөө, салыштыруу, диалог түзүү жана монологдорду калыптандыруу сыяктуу тилдик компетенциялардын өнүгүүсүнө оюндар кандай таасир этери илимий негизде талданат. “Муну бил” текстинде жаныбарлардын үнү, кыймылы жана мүнөздөмөлөрү так берилгендиктен, дидактикалык оюндарды колдонуу окуучулардын фонетикалык, лексикалык жана образдуу кебин активдештирип, текстти жандуу кабыл алуусуна шарт түзөрү көрсөтүлөт. Макалада башталгыч класстын окуучуларынын кебин өстүрүүгө арналган бир катар практикалык оюндардын үлгүлөрү сунушталып, алардын окутуу процессиндеги методикалык өзгөчөлүктөрү белгиленет. Эксперименттик иштер 2-класста жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө “Үнүн тап”, “Каарман болуп сүйлө”, “Жашыруун сүрөттөмө”, “Диалог түзөбүз” сыяктуу оюндар системалуу колдонулган. Эксперимент жыйынтыктары көрсөткөндөй, эксперименттик класстын окуучуларында монологдук кеп 36%, диалогдук кеп 37%, сөз байлыгы 32% өсүш берген. Натыйжада дидактикалык оюндар көркөм текстти өздөштүрүүдө окуучулардын тилдик активдүүлүгүн жана маданияттуу сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүүдө жогорку натыйжа берери далилденди.
Библиографические ссылки
Абдухамидова Б.А. ж.б. Адабий окуу: кыргыз орто мектепетринин 2-кл. үчүн окуу китеби. / Б.А.Абдухамидова, С.К.Рысбаев, К.И.Ибраимова. Толук., 2-бас. –Б.:Билим-компьютер, 2018. -184 б.
Аттокуров, А.Т. Подготовка студентов к педагогическому руководству народными играми в воспитательной работе с учащимися начальных классов. (На материале педагогических ВУЗов Кыргызской Республики) [Текст]: дисс. ... канд. пед. наук / А.Т. Аттокуров. – Бишкек, 1994. – 26 с
Валлон, А. Психическое развитие ребенка [Текст] / А. Валлон. – СПб: Питер, 2001. – 208 с.
Выготский, Л.С. Воображение и творчество в детском возрасте [Текст] / Л.С. Выготский. – М.: Просвещение, 1991 – 96 с.
Исакова, А.Т. Игры на уроке русского языка [Текст] / А.Т. Исакова. – Бишкек, 2009.
Немов Р. С. (1995) Психология / Москва., Книга 2-3. 235 б.
Раимкул кызы Айжамал Башталгыч класстарда дидактикалык материалдарды колдонуунун технологиясы. ЖАМУнун Жарчысы, №1 2023.
Сакиева.С.С., Мамбетова.М. (2000) Башталгыч класстарда эне тилин окуунун методикасы. Методикалык колдонмо. ЖалалАбад, 34 б.
Уметов, Т.Э. Педагогические условия использования кыргызских народных развивающих игр в дошкольных учреждениях [Текст]: дисс. ... канд. пед. наук / Т.Э. Уметов. – Бишкек, 1995.
Эльконин, Д.Б. Психология игры [Текст] / Д.Б. Эльконин. – М.: Владос, 1999. – 360 с.
Опубликован
Как цитировать
Выпуск
Раздел
Лицензия
Copyright (c) 2026 А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жарчысы

Это произведение доступно по лицензии Creative Commons «Attribution» («Атрибуция») 4.0 Всемирная.
This work is licensed under the Creative Commons Attribution 4.0 International License. To view a copy of this license, visit http://creativecommons.org/licenses/by/4.0/ or send a letter to Creative Commons, PO Box 1866, Mountain View, CA 94042, USA.





