ИНТЕРАКТИВДҮҮ ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ КОЛДОНУУ АРКЫЛУУ БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫНЫН КЕП МАДАНИЯТЫН КАЛЫПТАНДЫРУУ
##plugins.pubIds.doi.readerDisplayName##:
https://doi.org/10.56122/..v1i1.531Ключевые слова:
интерактивные технологии, речевая культура, начальная школа, кыргызский язык, коммуникативные навыки, ролевые игры, словарный запасАннотация
Бул макалада башталгыч класстын окуучуларынын кеп маданиятын интерактивдүү технологияларды колдонуу аркылуу калыптандыруунун актуалдуулугу каралат. Заманбап билим берүү шартында окуучулардын тилдик жана коммуникативдик көндүмдөрүн өнүктүрүү негизги милдеттердин бири болуп саналат. Изилдөөнүн предмети — кыргыз тили сабагында окуучулардын кеп маданиятын өнүктүрүү процесси. Макаланын максаты — лексикалык, грамматикалык, коммуникативдик жана этикеттик компоненттерди интерактивдүү ыкмалар аркылуу калыптандыруунун натыйжалуулугун аныктоо. Изилдөөдө смарт такта, мультимедиялык презентациялар, видеоматериалдар, ролдук оюндар жана диалогдук тапшырмалар колдонулду. Эксперименталдык иш 2–3-класстын окуучулары арасында жүргүзүлүп, алынган жыйынтыктар контролдук топ менен салыштырылды. Натыйжада окуучулардын сөз байлыгы кеңейип, грамматикалык жактан туура сүйлөө деңгээли жогорулап, диалог жүргүзүү жана сабакка катышуу активдүүлүгү арткандыгы аныкталды. Ошондой эле сылык сүйлөө көндүмдөрүнүн калыптана баштаганы байкалган. Изилдөө интерактивдүү технологиялардын билим берүү процессиндеги маанисин далилдейт.
Библиографические ссылки
Гапарова Ч.А. Башталгыч класстарда кызматчы сөздөрдү окутууда тилдик жана кептик компетенцияларды калыптандыруучу көнүгүү жумуштары / Ч.А.Гапарова // Вестник КНУ. – 2025. - №2. - 49-54-б-р. https://arch.kyrlibnet.kg/uploads/KNUGAPAROVACH.A.2025-2.pdf
Абдраимов К. Кеп маданиятына үйрөтүү боюнча көнүгүүлөр системасы жана аны менен иштөөнүн ыкмалары / К.Абдраимов // Кыргыз билим берүү академиясынын кабарлары. -2011. - №2. -83-87-б-р. https://www.elibrary.ru/download/elibrary_44709508_56988198.pdf
Сакиева С. Башталгыч класста кыргыз тилинин окутуунун методикасы: учурдагы абалы жана көйгөйлөрү / С.Сакиева, А. Амирова ,А. Аширалиева // Мырсабеков атындагы ОшМПУ жарчысы. – 2025. - №1. - 2-Т. - 186-191-б-р. https://www.elibrary.ru/download/elibrary_82421684_64381997.pdf
Гапарова Ч.А. Кыргыз тилиндеги сүйлөшүү кебинин лексикасы: филол.ил.канд. ...дис. авторефераты / Ч.А.Гапарова. -Бишкек,2006. -24 б.
Гапарова Ч.А. Башталгыч класстардын окуучуларынын кеп ишмердигин калыптандырууда теория менен практикадагы шайкешсиздиктер / Ч.А.Гапарова // А. Мырсабеков атындагы ОшМПУ жарчысы. -2025. - №2. - 1-т. - 41-46-б-р. https://elibrary.ru/download/elibrary_83115518_91365792.pdf
Тайыр кызы Н. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окутуудагы дидактикалык жана педагогикалык оюндардын окуучулардын кабылдоосуна тийгизген таасири / Нургүл Тайыр кызы // А. Мырсабеков атындагы ОшМПУ жарчысы. – 2025. - №2. - 2-т. - 212-220-б-р. https://elibrary.ru/download/elibrary_83979687_95828988.pdf
Таабалдиева А. Балдардын акыл-эси, сезими жана чыгармачылыгынын өнүгүүсүнүн ролу / А.А.Таабалдиева // А. Мырсабеков атындагы ОшМПУ жарчысы. – 2024. - №2. - 2-т. - 174-178-б-р. https://www.elibrary.ru/download/elibrary_79493645_10973336.pdf
Опубликован
Как цитировать
Выпуск
Раздел
Лицензия
Copyright (c) 2026 А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жарчысы

Это произведение доступно по лицензии Creative Commons «Attribution» («Атрибуция») 4.0 Всемирная.
This work is licensed under the Creative Commons Attribution 4.0 International License. To view a copy of this license, visit http://creativecommons.org/licenses/by/4.0/ or send a letter to Creative Commons, PO Box 1866, Mountain View, CA 94042, USA.





