ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНДА КЫРГЫЗ ЭЛДИК ИШЕНИМДЕРИНИН КӨРКӨМ СИНТЕЗИ

Авторы

  • Нигора Алисултонова Андижан мамлекеттик педагогика институту

##plugins.pubIds.doi.readerDisplayName##:

https://doi.org/10.56122/..v1i1.540

Ключевые слова:

тотемизм, реинкарнация, шаманизм, теңирчилик, кыргыз фольклору, Чыңгыз Айтматов, жандын өтүүсү, миф менен реализм

Аннотация

Макалада Борбор Азиянын өзгөчө кыргыздардын шаманизмдик жана теңирчилик салттарындагы тотемдик ишенимдерди, адам өлгөндөн кийин жанынын жаныбарга, канаттууга же өсүмдүккө өтүшү башкача айтканда реинкарнациянын жергиликтүү формасы тууралуу изилденет. Бул түшүнүктөр анимизмге, тотемдик жаныбарларга бүркүт, түлкү, бугу ж.б. жана жаратылыш менен руханий байланышка негизделген.

Өзгөчө Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында «Кылым карытар бир күн», «Ак кеме», «Кыямат» элдик ишенимдердин көркөм стилизациясы талданат: Казангаптын түлкүгө өткөн жаны, Эдигейдин ак куйрук куш болуу каалоосу, Найман-Эненин кушка айланышы сыяктуу мотивдер реализм менен мифтин синтези аркылуу экологиялык жана философиялык маселелерди чагылдырат. Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» романындагы бүркүт образына да токтолулат.

Жыйынтыкта Айтматов кыргыз мифологиясынын тотемдик элементтерин заманбап адабиятта глобалдуу темаларды тактап айтканда экология, руханий жоготууларды ачуу үчүн колдонот деп белгиленет.

Библиографические ссылки

Айтматов Чыңгыз. Чыгармаларынын жыйнагы: 4-том. Роман, аңгемелер. /Түз. Абдылдажан Акматалиев. - Б.: Бийиктик, 2008. - 544 б.

Алымбаев А. Байыркы кыргыз дүйнөтаанымынын мифоэпикалык табияты: теңир философемасынын эволюциясы. Автореферат.

Төлөгөн Касымбеков. Сынган кылыч. (Биринчи китеп) Тарыхый роман. 7-бас. – Б.: “Шам”, 2019. -536 бет.

Мырзажанова Гүлзад Бердибековна «Көкүл» баатырдык жомогундагы архаикамифологиялык салттуулуктун сакталышы. Адистиги 10.01.09 - Фольклористика Бишкек – 2011. 152 бет.

Опубликован

2026-06-09