ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН "ДЕҢИЗ БОЙЛОЙ ЖОРТКОН АЛА ДӨБӨТ” ПОВЕСТИНДЕ ПЕДАГОГИКАЛЫК МАСЕЛЕЛЕР

Авторы

  • Бубусайра Орозалиева А.Мырсабеков атындагы, Ош мамлекеттик педагогикалык университети

##plugins.pubIds.doi.readerDisplayName##:

https://doi.org/10.56122/..v1i1.553

Ключевые слова:

элдик педагогика, тарбия, адеп-ахлак, салт, табият, тарбиялык баалуулуктар, улуттук маданият, каармандар, символдор

Аннотация

Бул макалада Чыңгыз Айтматовдун “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” повестиндеги эң чоң тарбиялык маанидеги элдик педагогиканын көрүнүштөрү талдоого алынат. Чыңгыз Айтматов бул чыгармасы аркылуу Сахалин аймагында жашаган чакан нивх уруусунун  улуу муундан кичүү муунга өтүп келген  адеп-ахлактык баалуулуктар көркөм чагылдырылат. Макалада каармандардын жүрүм-туруму, алардын ортосундагы мамилелер жана турмуштук кырдаалдар аркылуу элдик педагогиканын негизги принциптеринен болгон урмат-сый, сабырдуулук, кайраттуулук, мекенчилдик, келечек муундардын алдында улуу муундардын жоопкерчилиги берилет. Макалада элдик педагогика менен бирге жаш муундарга экологиялык тарбиянын да абдан маанилүү жана таасирдүү экендиги  чагылдырылган. Суунун баалуугу, адам баласынын табияттын закон ченемдүүлүктөрүнүн алдында алсыз экендиги ачык көрсөтүлөт. Ошондой эле бул повесттеги тарбиялык маанидеги сюжеттерди билим берүү процессинде колдонуу мүмкүнчүлүктөрү сунушталат

Библиографические ссылки

Айтматов, Ч.Т. В соавторстве с землею и водою…– Фрунзе: «Кыргызстан», 1979.

Сыздыкбаев, Н.А. Специфика притчевого строения повести Ч. Айтматова «Пегий пес, бегущий краем моря» и романа А. Кима «Отец-лес» // вестник .– Алматы: 2018.

Чыңгыз Айтматов. Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт. – Бишкек: Кыргызстан, 1982.

Чыңгыз Айтматов. Чыгармалар жыйнагы. 1–3-том. – Бишкек: Адабият, 2008.

Опубликован

2026-05-18