ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНДАГЫ ГЛОБАЛДЫК ГУМАНИЗМ ИДЕЯЛАРЫНЫН ОКУУЧУЛАР ТАРБИЯСЫНДАГЫ ПЕДАГОГИКАЛЫК МААНИСИ
##plugins.pubIds.doi.readerDisplayName##:
https://doi.org/10.56122/..v1i1.557Ключевые слова:
Глобалдашуу, гуанизм, идея, педагогикалык маани, адеп-ахлак, универсалдуу баалуулуктар, дүйнө экологиясы, руханий дүйнө, критикалык, креативдүүлүк, педагогикалык ресурсАннотация
Бул макалада Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы глобалдык гуманизм идеялары жана алардын окуучулардын адамгерчилик тарбиясындагы педагогикалык мааниси каралат. Ошондой эле жазуучунун чыгармаларында өзүнө гана тиешелүү болгон он эки кереметинин бири болгон адеп-ахлак темасы же жан дүйнө экологиясын анын чыгармалары негизинде ачып көрсөтүп берилет. Ч.Айтматовдун «Ак кеме», “Эрте келген турналар”, «Балалыгым», чыгармаларында адамдын руханий дүйнөсү, адеп-ахлактык баалуулуктар, табият менен адамдын өз ара байланышы жана маданияттар аралык түшүнүү маселелери кеңири чагылдырылган. Бул чыгармалар аркылуу адамдын ички дүйнөсү, боорукерлик, адилеттүүлүк, жоопкерчилик жана табиятка аяр мамиле сыяктуу жалпы адамзаттык баалуулуктар терең сүрөттөлөт. Макалада Айтматовдун чыгармаларынын тарбиялык мүмкүнчүлүктөрү педагогикалык көз караштан талданып, алардын окуучулардын руханий дүйнөсүн байытуудагы ролу белгиленет. Ошондой эле бул чыгармаларды башталгыч класстарда билим берүү жараянында колдонуу окуучулардын ой жүгүртүүсүн, дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана гуманисттик көз караштарын калыптандырууга, өз оюн эркин баяндоого, ар бир берилген тапшырмага критикалык жана креативдүүлүк менен жандашууга, топтор менен чогуу иштөөдө жардам берери көрсөтүлөт. Натыйжада Айтматовдун чыгармалары окуучулардын ар тараптан калыптанышына, адамгерчиликке, боорукерликке, адеп-ахлак тарбиялары менен тарбиялоодо маанилүү педагогикалык ресурс болуп саналат
Библиографические ссылки
Ч.Айтматов. 2-том («Гүлсарат», «Ак кеме», «Эрте жаздагы турналар», «Деңиз бойлой
жорткон Ала-Дөбөт»). – Бишкек. «Улуу тоолор». 2018. – 596 бет.
Ч.Айтматов. 4-том («Кыямат», «Балалыгым»). – Бишкек. «Улуу тоолор». 2018. – 518 бет.
Ч.Айтматов. “Эрте келген турналар”. – Бишкек. “Оку” басма үйү. 2021
Ч.Айтматов. “Ак кеме”. – Бишкек. “Кадам” басма үйү. 2023.
Азизхўжаева Н.Н. Педагогик технология ва педагогик маҳорат. - Т.: ТДПУ, 2003
Холиқов А. Педагогик маҳорат. Ўқув қўлланма. Т.: «IQTISODMOLIYA» нашриёти, 2010,-312
бет.
А. Муратов Мугалимдин устаттыгы жана окутуунун жаны технологиялары Таалим 2023.
Токтосунов А. Жаш муундарды тарбиялоодо көркөм адабияттын ролу. – Бишкек: Билим,
Ш. Шодмонов, М. Халимов, Н. Файзуллаева. Билим берүү ишинин методологиясы. Т.2008 ж.
Опубликован
Как цитировать
Выпуск
Раздел
Лицензия
Copyright (c) 2026 А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жарчысы

Это произведение доступно по лицензии Creative Commons «Attribution» («Атрибуция») 4.0 Всемирная.
This work is licensed under the Creative Commons Attribution 4.0 International License. To view a copy of this license, visit http://creativecommons.org/licenses/by/4.0/ or send a letter to Creative Commons, PO Box 1866, Mountain View, CA 94042, USA.





