АБИЙИРДИН АНТРОПОЛОГИЯСЫ: Ч. АЙТМАТОВДУН «БЕТМЕ-БЕТ» ПОВЕСТИНДЕГИ КОНЦЕПТУАЛДЫК МАҢЫЗ ЖАНА МОРАЛДЫК ДИЛЕММА

Авторы

  • Гүлжамал Токтогулова Б.Осмонов атындагы Жалал Абад мамлекеттик университети
  • Манас Машаев Б.Осмонов атындагы Жалал Абад мамлекеттик университети
  • Адилет Усенов Б.Осмонов атындагы Жалал Абад мамлекеттик университети

##plugins.pubIds.doi.readerDisplayName##:

https://doi.org/10.56122/..v1i1.558

Ключевые слова:

Чыңгыз Айтматов, «Бетме-бет», абийирдин антропологиясы, дезертирлик, моралдык тандоо, социалдык адилеттүүлүк, дегуманизация, экзистенциалдык дилемма, тарыхый эс тутум

Аннотация

Чынгыз таануучулар чөйрөсүнө сунушталып жаткан бул илимий макалада залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Бетме-бет» повестинин концептуалдык маңызы тарыхый-философиялык жана экзистенциалдык аспектте илимий талдоого алынды. Негизги максат катары повесттин өзөгүн түзгөн «бетме-бет» түшүнүгү жөн гана каармандардын ортосундагы кагылышуу эмес, бул инсандын өз абийири, коомдук жоопкерчилиги жана тарыхый милдети менен беттешүүсүнүн метафорасы катары кароо коюлду. Макалада тарыхтын философиясынын аспектисинде согуш шартындагы тоталитардык мамлекеттин катаал мыйзамдары менен инсандын жеке өмүрүн сактап калуу инстинктинин ортосундагы дилемма илимий өңүттө анализденди.

Изилдөөнүн жүрүшүндө башкы каарман Ысмайылдын образы аркылуу дезертирлик (качуу) - бул бир гана аскердик тартипти бузуу эмес, бул инсандын коомдук-моралдык деградацияга учуроосу жана дегуманизация (адамгерчиликсиздик, айбандашуу) процесси экени белгиленди. Ысмайылдын үңкүрдөгү изоляциясы (оолактануусу) анын адамдык табиятынан ажырап, жалаң гана биологиялык тирүү калуу деңгээлине түшүшүнүн символу катары чечмеленди. Ошону менен бирге, макалада Сейденин образына өзгөчө басым жасалып, анын жеке сүйүү сезиминен жалпы адамзаттык адилеттүүлүккө чейинки татаал эволюциялык жолу изилденди.

Библиографические ссылки

Айтматов Ч.Т. Чыгармаларынын сегиз томдук жыйнагы. – Б.: Улуу тоолор, 2014.-520б.

Айталиева Т.К. Ч. Айтматовдун чыгармаларында согуш темасынын берилиши (Көчүрүп алуу: 14.02.2026-жыл. https://goo.su/EtWR97F).

Аккиева С.И. Проблемы нравственности в произведениеях Ч.Айтматова и К.Кулиева // Culture and Civilization. 2021, Vol. 11, Is. 6А(Көчүрүп алуу: 14.02.2026-жыл).

Арукенова О.А. Колониальный и постколониальный дискурс в дебютном тексте писателя (Ч.Айтматов, Т.Абдик, Л.Калаус и.др.): докт (PhD).фил.наук / О.А.Арукенова.-Алматы, 2023.- 121б.

Бокоева Ж.Т. Место национальной культуры в произведениях Ч.Айтматова (на примере повести «Лицом к лицу») // Бюллетень науки и практики / Bulletin of Science and Practice http://www.bulletennauki.ru Т. 8. №6. 2022, https://doi.org/10.33619/2414-2948/79 (Көчүрүп алуу: 14.02.2026-жыл).

Каксин А.Д., Каксин Ч.А., Решимость на поступок: об идейном содержании повести Чынгыз Айтматова «Лицом-к лицу» // International Journal of Humanities and Natural Sciences, vol. 2-1 (53), 2021 (Көчүрүп алуу: 14.02.2026-жыл).

Шаповалов В.А. Дезертирство: уголовная-правовая и криминологическая характеристика: канд.юр.наук / В.А.Шаповалов.-Иркутск, 2009.- 237б.

Опубликован

2026-05-16

Как цитировать

Токтогулова, Г., Машаев, М., & Усенов, А. (2026). АБИЙИРДИН АНТРОПОЛОГИЯСЫ: Ч. АЙТМАТОВДУН «БЕТМЕ-БЕТ» ПОВЕСТИНДЕГИ КОНЦЕПТУАЛДЫК МАҢЫЗ ЖАНА МОРАЛДЫК ДИЛЕММА. Вестник Ошского государственного педагогического университета имени А.Мырсабекова, 1(1), 174–179. https://doi.org/10.56122/.v1i1.558

##plugins.generic.recommendByAuthor.heading##