“ТООЛОР КУЛАГАНДА” РОМАНЫНДАГЫ АРСЕН МЕНЕН ЖААБАРСТЫН ЖАБЫККАН ТАГДЫРЛАРЫ
##plugins.pubIds.doi.readerDisplayName##:
https://doi.org/10.56122/..v1i1.569Ключевые слова:
Ааламдашуу, адам, табият, тагдырлаш, жыныбар, жашоо, каарман, окшошАннотация
Ч.Айтматовдун бийик көркөмдүктө жазылып, континенттен континентке учкул канат, ыйык сезим менен аралап, калың элдин сүйкүмдүү чыгармаларына айланган эмгектерин окуу ар бир кыргыз атуулунун ыйык парызы. ХХ кылымдагы дүйнөлүк адабиятта адам тагдырынын жалпылыгын, инсандардын бири-бирине болгон руханий байланышы өзгөчө орун ээлейт. Мындай маселени терең философиялык деңгээлде изилдеген жазуучулардын бири Ч.Айтматовдун чыгармаларында каармандарынын тагдырынын биримдиги, руханий жакындыгы, моралдык жоопкерчилик, улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктардын айкалышы болуп эсептелинет. Жазуучунун каармандары тагдырлаш принципте жашашат. Аларды бириктирген нерсе ички дүйнөнүн үндөштүгү. Алар ар кандай коомдук тоскоолдуктарга карабастан, жан дүйнө аркылуу бириккен тагдырлаш инсандар. Айтматовдун улуулугу болуп өткөн жана болуп жаткан окуяларды алаканга салгандай көрө билгендигинде жана аны өз чыгармаларында таамай да, элестүү да, коркөм да тартып көрсөтө алгандыгында. Ч.Айтматовдун чыгармачылыгындагы дагы бир өзгөчөлүк-абал канчалык оор болсо дагы чыдамкайлык менен күрөштүн акырына чыгуу. Макалада Ч.Айтматовдун өз чыгармаларында адамды, адам тагдырын ар дайым жаратылыш анын жаныбары менен биргеликте карагандыгы “Тоолор кулганда” романында Жаабарс менен Арсендин жабыккан тагдырларын салыштырып, чебер сүрөттөгөндүгү белгиленет.
Библиографические ссылки
Акматалиев.А “Ч.Айтматовдун чыгармачылык жолу” Ф 1989
Акматалиев.А “Ч.Айтматов” Бишкек 2008
Асаналиев К “Көркөм бийиктик”
Айтматов.Ч чыгарманын он томдук жыйнагы 5 том Бишкек 2018.
Айтматов.Ч 8 томдук жыйнагы 2-том
Share/google Аскадан угулган колуктунун ыйы.
Опубликован
Как цитировать
Выпуск
Раздел
Лицензия
Copyright (c) 2026 А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жарчысы

Это произведение доступно по лицензии Creative Commons «Attribution» («Атрибуция») 4.0 Всемирная.
This work is licensed under the Creative Commons Attribution 4.0 International License. To view a copy of this license, visit http://creativecommons.org/licenses/by/4.0/ or send a letter to Creative Commons, PO Box 1866, Mountain View, CA 94042, USA.





