УЛУТ УҢГУСУ – УЛУТТУК ОЮНДАР: ЖАШТАРДЫ ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА ПАТРИОТТУККА ТАРБИЯЛООНУН НЕГИЗИ

Авторы

  • Гүлзат Казиева А.Мырсабеков атындагы, Ош мамлекеттик педагогикалык университети
  • Куштарбек Темирбаев А.Мырсабеков атындагы, Ош мамлекеттик педагогикалык университети

##plugins.pubIds.doi.readerDisplayName##:

https://doi.org/10.56122/..v2i2.575

Ключевые слова:

Улуттук оюндар, улуттук идеология, ОшМПУ, дене тарбия, патриоттук тарбия, маданий мурас, этнопедагогика, анализ, синтез.

Аннотация

 «Макалада Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин (ОшМПУ) Колледжинин «Дене тарбия жана табигый илимдер» кафедрасы тарабынан уюштурулган «Улут уңгусу – улуттук оюндар» аттуу иш-чаранын педагогикалык жана идеологиялык мааниси кеңири талданат. Изилдөөдө улуттук оюндар жаштардын физикалык өнүгүүсүнө гана эмес, алардын улуттук иденттүүлүгүн, аң-сезимин жана мекенчилдик сезимин калыптандырууга тийгизген таасири автордук анализ жана синтез аркылуу негизделген. Чыңгыз Айтматовдун философиялык мурастары жана мамлекеттик «Улуттук нарк жөнүндө» жарлыгынын алкагында элдик оюндарды заманбап билим берүү стандарттарына интеграциялоонун маанилүүлүгү каралат. Иш-чаранын маданий-этнографиялык жүрүшү баяндалып, жаш муунду тарбиялоодогу ролу аныкталат. Жыйынтыгында, улуттук баалуулуктарды заманбап санариптик форматта жайылтуу жана дене тарбия процессин этнопедагогикалык принциптер менен айкалыштыруу боюнча илимий-методикалык сунуштар берилген.»

Библиографические ссылки

Анаркулов Х.Ф. Кыргыз эл оюндары. – Бишкек: Фрунзе, 1991. – 120 б.

Айтматов Ч.Т. Чыгармаларынын сегиз томдук жыйнагы. – Бишкек: Бийиктик, 2008. – Т. 1-8.

Айтматов Ч.Т. Чыгармаларынын сегиз томдук жыйнагы. – Бишкек: Бийиктик, 2008. – Т. 1-8.

Абдырахманов А.А. Жогорку окуу жайларында этнопедагогикалык тарбия берүү маселелери // ОшМПУнун Жарчысы. – Ош: 2022. – №2. – 44-48-бб.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы. "Улуттук нарк жөнүндө", 20-май, 2022-жыл, Жарлык №158.

Мамытов Б.К. Дене тарбиянын теориясы жана методикасы: Окуу куралы. – Бишкек: 2015. – 240 б.

Сарыбаев А.С. Дене тарбия жана спорттун тарыхы. – Ош: ОшМУ, 2010. – 180 б.

ОшМПУнун Жарчысы (Вестник ОГПУ). Улуттук баалуулуктарды окуу процессине интеграциялоо маселелери. Илимий макалалар топтому. – Ош: ОшМПУ, 2023. – №4 (22). – 10-15-бб.

Опубликован

2026-05-14

Как цитировать