ПАМИРЛИК КЫРГЫЗДАРДЫН ЖӨРӨЛГӨЛҮҮ УБАКЫТ ТААНУУ СИСТЕМАСЫНЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК МАДАНИЯТТЫК ЧЕЧМЕЛЕНИШИ
##plugins.pubIds.doi.readerDisplayName##:
https://doi.org/10.56122/..v2i2.585Ключевые слова:
Памир бийиктиги, кыргыздар, жөрөлгөлүү убакыт таануусу, экологиялык билимАннотация
Памир бийиктиги кылымдардан бери адамзатты өз кучагында багып өстүрүп бул жерде канчалаган маданияттын бар болуп өсүп-өнүгүшүндө алтын бешик болуп келгендиги барыбызга белгилүү. Бул жерде кылымдар бою жашап жергиликтүү тургуну саналган кыргыздар кылымдар бою бул жаратылышы катаал жерде ата-бабаларынан бери жашап жана акырындап ыңгайлашып, өндүрүш жана жашоодо өзгөчө болгон улуттук маданиятын калыпташтырганга жетишишкен. Ушулардын арасында булардын убактты таануу жана эсептөө жагындагы билимдерин иреттеп жана казып анын артында турган маданияттык маани-маңызды аңдап билүү иликтөөгө татыган бир тема болуп саналат. Себеби элибиздин бул жактагы билимдери чоң жагынан окшоп калганы менен өздөрүнүн жашаган жерине, жаратылыштык чөйрөсүнө жараша айрымалуу болгондугун эске алышыбыз керек экенин эскертет. Көчмөн элдердин убакыт эсептөөсү көбүнчө табигый чөйрөгө таянат жана асмандагы астрономиялык объекттердин кыймылы, жаныбарлардын көбөйүү жана көчүү мыйзам ченемдери, ошондой эле ар түрдүү табигый кубулуштарды узак мөөнөттүү байкоо жана тажрыйба жыйынтыгы аркылуу калыптанган. Ошондуктан, Памир бийиктигинде кылымдар бою жашаган кыргыздар, белгилүү бир экологиялык чөйрө жана өндүрүш ыкмаларынын таасири астында, өзгөчө убакыт эсептөө системасын жана анда камтылган бай маданий маанини башкача түзүп жана өнүктүрүп чыгышкан
Библиографические ссылки
Сайпидин Ысак уулу.(2025) Кытай памириндеги кыргыздар (Эл арасынан жыйнаган ички материал), Кытай.
Султаналы Борбордой.(2005) Кыргыздардын календари, Үрүмчү: Шынжаң Эл басмасы;
Кален асанакун.(2026) кыргыз элинин сан санагы жана убакыт ченеми,Шинжаң кыргыз адабияты,2026-жыл биринчи сан, 12-бет.
Жусупов К., Иманалиев К., Макаев Ө. (2019). Кыргыздар: жыйырма томдук. 12-том, 2-басылыш. Тарых жана маданият. Бишкек: бийиктик плюс.
Жумаев Б. (2018). Кыргыз таануу. Бишкек: улуу тоолор.
Ысаков Б. (2018). Кыргыз көчмөндөрүнүн салттуу календарди кабыл алуусу. Gazi akademik bakış, 11(22), 181-195.
Казиев Д. С. (2021). Биофизикалык өзгөрүүлөрдү түшүнүү: жогорку Алай өрөөнүнүн сезондук календары, Кыргызстан (магистрдик диссертация). Корнелл университети.
Найманова С., Байжигитова А. (2020). Кыргыз тилинин дүйнө таанымында “убакыт” түшүнүгүн чечмелөө: ассоциациялык эксперимент. Open journal of social sciences, 8, 1-14.
Сяо Ю., Ван Л., Су Р. (2023). Памир тоолорунда туруктуу сезондук мал багуу үчүн салттуу экологиялык билимге негизделген календардык система. Journal of cleaner production, 388, 137756.
Ирвайн Р. Д. Г. (2025). Бош жер, бош убакытпы антропологиялык теория жана көчмөн цивилизация. Mongolian anthropological review, 1, 1-20.
Абикээва Т., Ахан М., Казбекова С. (2025). Казактар жана ногайлар арасында Ноорузду түшүнүү: убакыттын циклдик концепциясы. Frontiers in communication, 10, макала 1693748.
Сайпидин Ысак уулу.(2025) Кыргызча макал-лакаптардын кытайча котормосу(Эл арасынан жыйнаган ички материял), Кытай.
Загрузки
Опубликован
Как цитировать
Выпуск
Раздел
Лицензия
Copyright (c) 2026 А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жарчысы

Это произведение доступно по лицензии Creative Commons «Attribution» («Атрибуция») 4.0 Всемирная.
This work is licensed under the Creative Commons Attribution 4.0 International License. To view a copy of this license, visit http://creativecommons.org/licenses/by/4.0/ or send a letter to Creative Commons, PO Box 1866, Mountain View, CA 94042, USA.





