ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН АДАМЗАТКА БОЛГОН СООЛУБАС СҮЙҮҮСҮ

Авторы

  • Адилбек Жантаев Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясы
  • Зинат Ысакбаева Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Нарын кампусу
  • Жазгүл Даткабекова Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Нарын кампусу

##plugins.pubIds.doi.readerDisplayName##:

https://doi.org/10.56122/..v1i1.586

Ключевые слова:

Ч. Айтматов, гуманизм, жакшылык, акыйкаттык, сулуулук, адабият, сүйүү, адеп-ахлактык тандоо, тагдыр, адамга болгон сүйүү, адамзат, баалуулуктар, баалуулуктук багыт алуу

Аннотация

Бул макалада XX-XXI кылымдардын көрүнүктүү сүрөткери Чыңгыз Айтматовдун бүтүндөй чыгармачылык жолуна сереп салынат. Авторлор улуу жазуучунун чыгармачылык изденүүлөрүнүн негизги багытын аныкташат, анын сөз чебери катары өнүгүүсүнүн негизги этаптарын айкындашат. Алар сүрөткердин баалуулуктук багыт алууларын жана гуманисттик ой жүгүртүүсүн, ошондой эле анын чыгармаларында чагылдырылган түбөлүк баалуулуктарды көрсөтүүгө умтулушат, бул үчүн устаттын туундуларынан мисалдарды алышып, анын кѳркѳм жаралгаларын талдоого кайрылышат. Чынында эле, Ч. Айтматов ѳзүнүн ар бир чыгармасында учурдун актуалдуу маселелерин козгоп, аларды жалпы адамзаттын деңгээлине көтөргөн. Ал адамзатка сүйүү менен мамиле кылган, анын келечегине ишенген жана көп жагынан карапайым адамдардын рухунун күчүн көрсөтүп, өз доорунун татаал бурулуштарын кейипкерлеринин тагдыры аркылуу ачып берген. Анын чыгармаларында адамгерчиликке чакыруу улам күчтүүрѳѳк жаңырып, анын гуманизми жана адамга болгон сүйүүсү улам ачыгыраак кѳрүнгѳн. Дал ушуну менен ал бүткүл дүйнѳдѳгү миллиондогон адамдардын жактыруусуна татыктуу жеңип алып, ошол эле учурда улуу гуманист ойчул болуп калган

Библиографические ссылки

Айтматов Ч. Чыгармаларынын он эки томдук жыйнагы: I том. Аңгемелер. Повесттер / Ч. Айтматов. – Б.: «Турар», 2024. – 480 б.

Айтматов Ч. Чыгармаларынын он эки томдук жыйнагы: II том. Повесттер / Ч. Айтматов. – Б.: «Турар», 2024. – 472 б.

Айтматов Ч. Чыгармаларынын он эки томдук жыйнагы: III том. Повесттер. Драма / Ч. Айтматов. – Б.: «Турар», 2024. – 432 б.

Айтматов Ч. Чыгармаларынын он эки томдук жыйнагы: IV том. Роман / Ч. Айтматов. – Б.: «Турар», 2024. – 488 б.

Айтматов Ч. Чыгармаларынын он эки томдук жыйнагы: V том. Роман / Ч. Айтматов. – Б.: «Турар», 2024. – 400 б.

Айтматов Ч. Чыгармаларынын он эки томдук жыйнагы: VI том. Роман. Аңгеме / Ч. Айтматов. – Б.: «Турар», 2024. – 368 б.

Айтматов Ч. Чыгармаларынын он эки томдук жыйнагы: VII том. Роман. Драма / Ч. Айтматов. – Б.: «Турар», 2024. – 384 б.

Айтматов Ч. Чыгармаларынын он эки томдук жыйнагы: VIII том. Дил маектер. публицистика. – Б.: «Турар», 2024. – 416 б.

Асаналиев К. Кыргыз эпосунун жаңы доору // Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча изилдѳѳлѳр. 3 томдук: I том. – Б.: «Кут-Бер», 2018. – 560 б.

Опубликован

2026-05-15