Ч.АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНДАГЫ ӨЗГӨЧӨ ТЕРМИНГЕ АЙЛАНГАН СӨЗДӨРДҮН МААНИЛЕРИНИН ЧЕЧМЕЛЕНИШИ

Авторы

  • Гүлбара Көлбаева А.Мырсабеков атындагы, Ош мамлекеттик педагогикалык университети

##plugins.pubIds.doi.readerDisplayName##:

https://doi.org/10.56122/..v1i1.591

Ключевые слова:

термин, семантика, концепт, көркөм текст, маңкурт, символ, автордук стиль.

Аннотация

Бул макалада Ч.Айтматовдун чыгармаларында өзгөчө терминдик мааниге ээ болгон сөздөрдүн семантикалык жана концептуалдык өзгөчөлүктөрү талдоого алынат. Жазуучунун феноменинин эң  башкы өзгөчөлүгү, окурмандарын таңдандырган артыкчылыгы, анын бүткүл адамзат коомунун алдындагы коркунучтуу трагедияны, проблеманы алдын-ала көрө билгендиги, кеменгер көрөгөчтүгү, интуициясынын күчтүүлүүгү. Көркөм дүйнөсүндө айрым сөздөр өзгөчө терминге айланып өз маанисин жоготпой философиялык, маданий жана символдук деңгээлге көтөрүлүп, автордук индивидуалдык терминдерге айланары белгиленет. Изилдөөнүн негизги максаты – мындай сөздөрдүн контекст ичиндеги маанисин чечмелөө жана алардын улуттук аң-сезимди, дүйнөтаанымды чагылдыруудагы ролун аныктоо. Ошондой эле чыгармалардагы “Маңкурт”, “Найман эне”, “Саманчынын жолу”, “Эмбриондор”, “Ак кеме” сыяктуу сөздөрдүн жазуучунун чыгармаларында өзгөчө терминге айланганы көркөм тексттеги функциясы илимий негизде каралды. Натыйжада Айтматовдун тилиндеги өзгөчө терминдер окурмандын аң-сезимине таасир этүүчү күчтүү концепттер катары жогорку деңгээлде бааланат. Бул изилдөө кыргыз  тилинин лексикасын жана стилдик өзгөчөлүгүн тереңирээк түшүнүүгө  да өбөлгө түзөт.

Библиографические ссылки

А.Муратов Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романын үйрөнүүнүн айрым маселелери Фрунзе “Мектеп” 1988

А.Айтматовдун чыгармалары түрк адабий сынында Илимий макалалар 1-китеп Бишкек-2017

"Айтматов окуулары-2015” Эл арлык илимий-практикалык конференциянын материалдары (11-12-декабрь, Бишкек, Кыргызстан) “Турар” Бишкек-2015

Л.Үкүбаева Ч.Айтматов жана кыргыз адабияты “Турар” Бишкек-2012

Ү.Б.Култаева Турмуш чындыгы жана көркөм образ Бишкек-2008

Б.О. Кыргыз терминологиясы Фрунзе “Мектеп” 1983

Опубликован

2026-05-15

Как цитировать