Чынгыз Айтматовдун «Эрте келген турналар» повести – улуттук баалуулуктарды жана элдик тарбия салттарын жеткирүүнүн каражаты

Авторы

  • Сайипжамала Сакиева Б.Осмонов атындагы Жалал Абад мамлекеттик университети
  • Ибадат Исмаилова Муса Тайиров атындагы Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институту
  • Акмарал Рысбаева Кызыл-Кыя шаары, кыргыз тили жана адабияты мугалими

##plugins.pubIds.doi.readerDisplayName##:

https://doi.org/10.56122/..v1i1.595

Ключевые слова:

улуттук баалуулуктар, элдик педагогика, тарбия, мекенчилдик, турналар, десант, командир

Аннотация

Аталган макалада Чыңгыз Айтматовдун «Эрте келген турналар» повестинин негизинде улуттук баалуулуктарды жана элдик тарбия салттарын окуучуларга жеткирүүнүн өзгөчөлүктөрү каралат. Изилдөөдө чыгарманын мазмунунда чагылдырылган эмгекчилдик, мекенчилдик, адамгерчилик сыяктуу сапаттар талданып, алардын жаш муунду тарбиялоодогу мааниси аныкталат. Улуу Ата Мекендик согуш убагындагы айыл элинин турмушун, аталарынын, агаларынын ордун басып, мезгилинен эрте жетилген Султанмурат жана анын теңтуштарынын кажыбас кайратын сүрөттөгөнүнө карабастан бул чыгарма ааламдашуу доорундагы адамдардын ортосундагы мамилелерди, турмушка болгон көз карашын көрсөтүү жагынан тикеден-тике азыркы жаштарга арналгандыгын көрсөтүүгө аракеттендик. Жашоону таануу, алгачкы наристе сүйүү менен жолугушуу, не бир ажайып кыялдардын, таттуу сезимдердин ойгонушу, үй-бүлөсүнө боорукер мамилеси повесттин башкы каарманы Султанмураттын образынын негизин түзөт. Адам баласы дайыма үмүт менен жашайт. Чыгармада турналардын келиши - жакшы үмүттүн символу. Повесттин философиялык максаты тереңде. Балдарда атуулдук жоопкерчиликтүү мүнөздүн калыптанышында аталардан, айылдагы улуу адамдардан алган элдик педагогикалык баалуулуктардын мааниси чоң. Мектеп окуучуларына патриоттук сезимди бекемдөөдө заманбап технологиялардын бири болгон ролдук оюн технологиясын сунуштамакчыбыз.Изилдөөнүн жыйынтыгында аталган повесть улуттук баалуулуктарды калыптандырууда натыйжалуу педагогикалык каражат экендиги негизделет.

Библиографические ссылки

Абдышова З.А., Эшинбекова У.Ө. “Чыңгыз Айтматовдун «Ысык-Көлдүн куту жана куну» чыгармасын талдоо аркылуу студенттердин аргументтештирилген эссе жазуу көндүмдөрүн өнүктүрүү (в1 деңгээлинин мисалында).Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана.-2024.- №2, 120-124 бб.

Айтматов Ч.Чыгармалардын 8 томдугу 3-том Бишкек -2008

Асаналиев К .Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча изилдөөлөр, Бишкек, 2018, 1-том

Зулуев Б.Б., Тиллабаева Ж.Ж. “Мекенчилдикке тарбиялоонун айрым маселелери” Международный научно-теоретический журнал “Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана”.-2024.- №2.-319-322 бб.

Исмаилова И.М. Дүйнөнү генийлер өзгөртөт же жаштарды атуулдукка

тарбиялоодо эне тилдин ролу. Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана.-2024.- №8.- 2024.-245-248 б.б.

Ишекеев Н. Ч.Айтматовдун көркөм дүйнөсү - Бишкек , Адабият, 2001.

Карымшакова Ж.Ө. Диний баалуулуктар жана аны жаш муундарда

калыптандыруу. Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана-2024.- №8 .-291-295.

Муратов А. Акматов К. , Айтматовду мектепте окутуу, 2-китеп, Б.,2017.

Муратов А. Ч.Айтматов - жазуучу этнопедагог - Бишкек, 2006.

Муратов А. Ч.Айтматовдун көркөм дүйнөсү, Бишкек ,1990.

Рудов М. Баатырдык дастан Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча изилдөөлөр, 3-том, Бишкек,, 2018.

Рысбаев С. Балдар адабияты жана тарбия маселелери.- Бишкек, 2010.

Сакиева С.С., Усенова Г. К., Тенишова К.Ж. Адабий окууда текстти талдоодо колдонулуучу технологиялар.-Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана.-2024.- №8.- 277-281 бб.

Опубликован

2026-05-15

Как цитировать

Сакиева, С., Исмаилова, И., & Рысбаева, А. (2026). Чынгыз Айтматовдун «Эрте келген турналар» повести – улуттук баалуулуктарды жана элдик тарбия салттарын жеткирүүнүн каражаты. Вестник Ошского государственного педагогического университета имени А.Мырсабекова, 1(1), 147–153. https://doi.org/10.56122/.v1i1.595