АНГЛИС ТИЛИН ҮЙРӨНҮҮ ПРОЦЕССИНДЕ СТУДЕНТТЕРДИН ИННОВАЦИЯЛЫК МАДАНИЯТЫН КАЛЫПТАНДЫРУУНУН МЕТОДИКАСЫ

Авторлор

  • Гапарова Гулаим Икрамовна А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети

##semicolon##

https://doi.org/10.56122/..v2i2.222

##semicolon##

инновация, долбоор, платформалар, мотивация, компетенция, методика, процесс, геймификация, интерактивдүү метод, локалдаштыруу.

Аннотация

Макалада англис тилин үйрөнүү процессинде студенттердин инновациялык маданиятын калыптандыруу методикасы каралат. Ааламдашуу жана технологиянын тез өнүгүшү менен студенттердин инновациялык маданиятын калыптандыруу заманбап билим берүүнүн артыкчылыктуу милдеттеринин бири. Бул процессте эл аралык жана илимий байланыштын негизги каражаты болгон чет тилдери, атап айтканда англис тилин үйрөнүү азыркы заман талабында өзгөчө роль ойнойт. Макала инновациялык технологияларды интеграциялоого, окутуунун долбоордук методуна, маданияттар аралык компетенцияны, сынчыл ой жүгүртүүнү жана чыгармачылыкты өнүктүрүүгө негизделген. Англис тили сабактарында ушул ыкмаларды ишке ашыруунун практикалык мисалдарына өзгөчө көңүл бурулган. Билим берүү процессин геймификациялоо, оюн элементтерин жана конкурстарды киргизүү аркылуу студенттердин чыгармачыл ой жүгүртүүсүн жана демилгелүүлүгүн стимулдайт. Студенттердин азыркы өзгөрүп жаткан дүйнөгө ийгиликтүү жетүүсүнө жана ыңгайлашуусуна жардам берген көндүмдөрдү калыптандыруу үчүн билим берүү процессинде ыкмаларды өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат. Ошону менен эле бирге бул макала натыйжалуу окутуу методдорун колдонууга кызыкдар болгон педагогдор үчүн пайдалуу деп эсептелинет.

##submission.citations##

Г.Б.Рогова, Методика обучения иностранным языке 1991г.

Р.И.Хожомуратов, ISSN 2413-1032, 2020ж.

К.К.Юдахин, орусча-кыргызча сөздүк 2000ж.

Окутуунун инновациялык технологиялары №23, 2004ж.

И.В.Ставцева, И.А.Колегова Методика преподавания иностранных языков. Ч.2020г.

жарыяланган

2024-12-10