КОКОН ХАНДЫГЫ: БАТКЕН АЙМАГЫ ЖАНА АЛИМКУЛ АТАЛЫК

Авторлор

  • Кадыров Абдинаби Баткен мамлекеттик университети

##semicolon##

https://doi.org/10.56122/..v2i2.23

##semicolon##

Кокон хандыгы, Баткен аймагы, Алымкул аталык, изилдөөлөр, пикирлер

Аннотация

Кокон мамлекеттүүлүгүнүн Кыргызстандын түштүгүнө анын ичинен Баткен аймагына саясий, социалдык-экономикалык жана маданий жактан тийгизген таасирлери анализденип, Кокон хандыгындагы белгилүү саясий жана мамлекеттик ишмер, атактуу кол башчы Алимкул аталыктын мамлекеттик жана саясий ишмердүүлүгү менен кошо түпкү теги изилдөөгө алынган. Алимкул лашкер башынын өмүр баянын, саясий жана мамлекеттик ишмердүүлүгүн, Россия империясынын колониалдык экспансиясына каршы күрөшүн жаңыча көз карашта комплекстүү изилдөө, окуу программаларына киргизүү, коомчулуктун көңүлүн буруу жана ысмын түбөлүккө калтыруу боюнча баалуу пикирлер айтылган.

жарыяланган

2022-12-21