ҮЙ-БҮЛӨДӨ БАЛДАРДЫ АДЕПТҮҮЛҮККӨ ТАРБИЯЛООДО ЖАЗАЛООНУН РОЛУ

Авторлор

  • Умарова Рита Нурдиновна А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети

##semicolon##

https://doi.org/10.56122/..v2i2.255

##semicolon##

Үй-бүлө, ата-эне, жазалоо, тарбиялоо, балдар.

Аннотация

Ата-энелер балдарын тарбиялоодо көбүнчө жазалоону да пайдаланышат. Балдарды тарбиялоодо жазалоону колдонуу керекпи,  тарбиялоо ишине колдонуунун педагогикалык маңызы эмнеде жана балага кандай таасир этет, ата-энелердин көңүлүн өзгөчө бура турган маселелердин бири ушул.

Балдарды кол менен уруп жазалоо кеминде дүйнөдөгү 44 өлкөдө мыйзам менен тыюу салынган. Балдардын денесине зыян келтирүүгө каршы биринчи болуп мыйзамды 1979-жылы Швеция кабыл алган.

Ал эми биздин өлкөдө балдарды ата-энелер какыс-кукус кылып, кол менен сабап жаткан көрүнүштөр коомдо катуу талкууларга жем таштап келе жатат. Айрымдар балага кол көтөрүүгө болбойт десе, айрымдар ата-бабалардан келе жаткан ыкма, тартипке чакыруу үчүн "камчылап" койсо болот дейт.

Ал эми кайсы бир үй-бүлөлөрдөгү адатка айланган «жазалоолорго кандай мамиле жасоо керек?  Баланы жазага тартпай тарбиялоого болобу?

Бул макалада ата-энелер үй-бүлөдө балдарды адептүүлүккө тарбиялоодо жазалоонун ролу жөнүндө сөз болот.

##submission.citations##

Алимбеков, А “Кыргыз эл педагогикасындагы адеп тарбиясы” Бишкек-2018

Борочоров Ж., Раимбекова А. “Аалмдашуу доорундагы үй-бүлө” Бишкек-2013

Бекембай Апыш, Т.Козукулов “Тарбия назарияты” Ош-1996

Жусуп Баласагын “Куттуу билим” Бишкек-2017

К. Калмырзаева “Үй-бүлөдө балдарды адептүүлүккө тарбиялоо” Ф.1974.

Ушинский, К.Д., Избранные педагогические сочинения Таллин: Эстгосиздат- 1987

жарыяланган

2024-12-10