ААЛАМДАШУУ МЕЗГИЛИНДЕ МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫН НЕГИЗИНДЕ ҮЙ-БҮЛӨДӨ ОКУУЧУЛАРДЫ АДЕП- АХЛАККА ТАРБИЯЛОО.

Авторлор

  • Какиева Гулзада Алимбековна А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети
  • Мухтар кызы Айгерим А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети

##semicolon##

https://doi.org/10.56122/..v1i1(25).273

##semicolon##

инсан, адеп-ахлак, окуучу, тарбия, маалыматтык технологиялар, ааламдашуу.

Аннотация

Бул макалада ааламдашуу жана маалыматтык технологиялар шартында башталгыч класстын окуучуларын  адеп-ахлактык тарбиялоонун актуалдуу маселелери берилген. Азыркы учурда адамзат коомунда инсанды өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Маалыматтык технологиялардын  жана рыноктук мамилелердин өнүгүшүндө башталгыч класстын окуучуларын  инсанынын калыптанышына зор таасирин тийгизип жатат. Заманбап дүйнөдө инсандык өнүгүү маселелери бүткүл адамзат үчүн глобалдуу маселеге айланууда. Убакыт өткөн сайын адам руханий баалуулуктардан алыстап баратат. Натыйжада, адам эбегейсиз зор руханий мүмкүнчүлүктөрдү башынан өткөрөт да адамдын инсандык сапаттарын жоготот. Мындай шарттарда инсанды, өзгөчө окуучуларды үй-бүлөдө адеп-ахлактык тарбиялоо маселелери өзгөчө мүнөзгө ээ болот. Дүйнөдө илимий-техникалык процесстер тез өнүгүп жатат. Окуучуларды чыныгы адептүүлүктүн духунда тарбиялоо жагынан коомдун алдында жаңы милдеттер коюлууда. Инсандын калыптанышы, окуучуларды адептүүлүк духунда тарбиялоо жалпысынан ата-энелердин жана  мугалимдердин педагогикалык аракетине жараша болот. Коомдо жана дүйнөдө көптөгөн социалдык жана коомдук мааниге ээ көйгөйлөр жана маселелер пайда болду. Көптөгөн көйгөйлөргө карабастан, окуучуну чыныгы адептүүлүктүн духунда тарбиялоо маселеси мезгилдин жана доордун эң маанилүү милдети болууда.

##submission.citations##

Үй-бүлөлүк тарбиядагы педагогикалык маселелер. Жоошбаев.Н. Садирова.Б. Б:2023-ж. 51-б.

https://sputnik.kg/ Ч.Айтматов

Кыргыз эл педагогикасындагы адеп тарбиясы.Б.2018-ж. Алимбеков А. 7-б.

Карасаев Х. Накыл сөздөр: Тил казынасынан баян. Ф.: Кыргызстан. 1982-ж. 28-б.

Кыргыздар: Он төрт томдук. IX том. Б.:Бийиктик, 2011-ж. 77-бет.

Ой гүлдөрү. Элдик чыгарма. Б.: 2013-ж. 56-бет.

Гребенников И.В. Мектеп жана үй-бүлө. Фрунзе.-1989-ж. 15-бет.

Дасторкон четиндеги университет. Б.:2022-ж. 22-бет. Мадаминов Г.М.

жарыяланган

2025-05-13

##submission.howToCite##

Какиева , Г., & Мухтар кызы , А. (2025). ААЛАМДАШУУ МЕЗГИЛИНДЕ МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫН НЕГИЗИНДЕ ҮЙ-БҮЛӨДӨ ОКУУЧУЛАРДЫ АДЕП- АХЛАККА ТАРБИЯЛОО . А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жарчысы, 1(1(25), 96–101. https://doi.org/10.56122/.v1i1(25).273