Компьютер жана программалык камсыздоо боюнча сабактарда мобилдик тиркемелерди колдонуу аркылуу компетенцияларды калыптандыруу

Авторлор

  • Жусупбек кызы Жыргал А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети
  • Карбеков Бекмамат А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети

##semicolon##

https://doi.org/10.56122/..v2i1(25).313

##semicolon##

mobile technologies, mobile applications, interactivity, programming skills, computer literacy, creativity, creativity, digital society, competence development.

Аннотация

Заманбап билим берүү процессинде мобилдик тиркемелерди колдонуу айрыкча "Компьютер жана программалык камсыздоо" сабактарында чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Бул технологиялар окуучуларга маалыматка жетүүнү жеңилдетип, теорияны практика менен айкалыштырууга өбөлгө түзөт. Мобилдик тиркемелер окуучулардын аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүп, программалоо, киберкоопсуздук, компьютердик архитектура жана маалымат базаларын башкаруу боюнча компетенцияларды калыптандырууга жардам берет.

Интерактивдүү окутуу методдору Kahoot, Quizizz сыяктуу тиркемелерди колдонуу менен окуу процессин кызыктуу жана натыйжалуу кылат. Окуучулар өз алдынча тапшырмаларды аткарып, дароо кайтарым байланыш алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бирок, техникалык чектөөлөр жана интернет жеткиликтүүлүгү сыяктуу көйгөйлөр бул процесске тоскоол болушу мүмкүн.

Мобилдик тиркемелер билим берүүнүн ажырагыс бөлүгүнө айланып, окутууну жеткиликтүү жана эффективдүү кылууда. Келечекте жасалма интеллект жана виртуалдык реалдуулук технологиялары менен бул жаат мындан ары да өнүгөт.

##submission.citations##

Осипова Н., Атаходжаев З., Жунусалиев К. «Информатика. 7-9 класс» окуу китебинин методикалык колдонмосу «Сорос-Кыргызстан» Фонду 2019

Орускулов Т.Р., Касымалиев М.У. «Информатика: Базалык курс боюнча практикалык иштер. Орто мектептердин 7-9-кл. үчүн окуу китеби», Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги. Кыргыз билим берүү академиясы. – Бишкек, 2015.- 192

Мектепте информатиканы окутуу – Информатик мугалимдер үчүн окуу колдонмо. Ибирайым кызы А., Мамбетакунов У.Э., Осипова Н.Н. –Б., 2015

Жумабеков, Н. К. Мобилдик тиркемелерди билим берүүдө колдонуу тажрыйбасы: Анализ жана сунуштар. Бишкек-2022

Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү боюнча улуттук программа. Цифрлаштыруунун билим берүү тармагындагы ролу. Бишкек-2021

https://ilim.oshmpu.kg/index.php/01/issue/view/18/38 [154-159]

https://ilim.oshmpu.kg/index.php/01/article/view/252/173 [183-189]

https://ilim.oshmpu.kg/index.php/01/issue/view/14/23 [139-145]

жарыяланган

2025-05-13

##submission.howToCite##

Жусупбек кызы, Ж., & Карбеков, Б. (2025). Компьютер жана программалык камсыздоо боюнча сабактарда мобилдик тиркемелерди колдонуу аркылуу компетенцияларды калыптандыруу. А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жарчысы, 2(1(25), 136–142. https://doi.org/10.56122/.v2i1(25).313

##plugins.generic.recommendByAuthor.heading##