БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫНДА МАТЕМАТИКАЛЫК САБАТТУУЛУКТУ КАЛЫПТАНДЫРУУ

Авторлор

  • Урайымова Г.М. Баткен мамлекеттик университети
  • Байышова Г.Ж. А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети

##semicolon##

https://doi.org/10.56122/..v1i1(25).344

##semicolon##

Башталгыч класс, окутуу методикасы, дидактикалык оюндар, математикалык сабаттуулук, көндүм.

Аннотация

Илимий макала башталгыч класстын окуучуларында математикалык сабаттуулукту калыптандыру процессин изилдейт. Математикалык сабаттуулук окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн, маселелерди чечүү жөндөмүн жана практикалык жашоодо математикага карата оң мамилесин өнүктүрүүгө багытталган маанилүү сапат болуп саналат. Ошентип, реалдуу дүйнөнүн эң жакын бөлүгү окуучулардын жеке жашоосу жана мектеп турмушу, андан кийин кесиптик ишмердүүлүгү, жергиликтүү коомдун жана бүткүл адамзаттын күнүмдүк турмушу саналат. Башталгыч класстын окуучуларында математикалык сабаттуулугун өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү, окуучуларда алган билимдерин турмуштук кырдаалдарда колдонуу үчүн көндүмдөрүн калыптандыруу зарылдыгы болуп саналат. Изилдөөдө башталгыч класстын окуучулары үчүн атайын методика жана окуу стратегиялары сунушталып, алардын математикалык түшүнүктөрдү тез жана так өздөштүрүүсүнө кандайча көмөк көрсөтөрү талдоого алынган. Макалада математика сабагында колдонуучу ар түрдүү дидактикалык материалдар, оюн элементтери жана практикалык тапшырмалар аркылуу математикалык сабаттуулукту өнүктүрүү ыкмаларын изилдеп, алардын натыйжалуулугун далилдеген. Мындан тышкары, макалада мугалимдер үчүн сунуштар жана окуучуларга математиканы кызыктуу түрдө үйрөтүү боюнча конкреттүү кеңештер берилген.

##submission.citations##

Асанова, К. Ж. (2019). Башталгыч мектепте математикалык сабаттуулукту калыптандыруу методикасы. Бишкек: Кыргыз билим берүү академиясы.

Байжуманов, Э. Р. (2018). Математикалык түшүнүктөрдү калыптандырууда инновациялык технологияларды колдонуу. Окуу куралы. Ош: ОшМУ басмасы.

Давыдов, В. В. (2004). Проблемы развивающего обучения: опыт теоретического и экспериментального психологического исследования. Москва: Педагогика.

Иманова, Ж. Б. (2020). Математикалык билим берүүдө дидактикалык оюндардын ролу. Билим берүү журналы, 12(2), 45–50.

Мырзалиева, А. К. (2021). Башталгыч мектепте математиканы окутууда колдонулуучу инновациялык усулдар жана ыкмалар. Билим берүү изилдөөлөрү, 15(3), 98–105.

Скаткин, М. Н. (1986). Дидактика современной школы. Москва: Просвещение.

Шипицина, Л. М. (2015). Начальное образование: проблемы и перспективы. Санкт-Петербург: Лань басмасы.

Юсупова, А. И. (2017). Математикалык сабактарды уюштурууда интерактивдүү ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү. Билим берүү жана тарбия журналы, 8(4), 67–72.

Эл Артисова, Г. В., & Козлов, А. П. (2013). Основы математического образования в начальной школе. Москва: Академический проект.

Жоробаева, Т. Н. (2018). Математиканы башталгыч класстарда окутуунун өзгөчөлүктөрү жана көйгөйлөрү. Кыргызстан билим берүү журналы, 10(1), 21–27.

жарыяланган

2025-05-13