МУГАЛИМДИН КЕСИПТИК МАДАНИЯТЫН КАЛЫПТАНДЫРУУНУН МААНИЛҮҮ АСПЕКТИЛЕРИ

Авторлор

  • Айдарова Мисилимкан Довлатовна Баткен мамлекеттик университети
  • Эргешали кызы Айчурок Баткен мамлекеттик университети
  • Эргешали кызы Актилек Баткен мамлекеттик университети
  • Бактыярова Бегайым Эргешалиевна Баткен мамлекеттик университети

##semicolon##

https://doi.org/10.56122/..v1i1(25).347

##semicolon##

Кесиптик маданият, мугалим, билим, көндүм, ишеним, ыкма, өнүгүү, инновация, баалуулук, технология.

Аннотация

Педагогдун өнүккөн кесиптик маданияты жагымдуу окуу чөйрөсүн түзүүгө, өсүп келе жаткан муунду натыйжалуу окутууга жана тарбиялоого, ошондой эле билим берүүдөгү өзгөрүүлөргө адаптациялоого өбөлгө түзөт. Демек, педагогдун кесиптик маданиятын өнүктүрүү билим берүү мекемелери жана педагогдор үчүн артыкчылыктуу багыт болушу керек. Макалада педагогдун кесиптик маданияты билим берүү процессинин сапатын жана окуучунун инсандыгын өнүктүрүүнү аныктоочу негизги фактор болуп саналаары  жана бул тажрыйбалуу педагогду кесипке жаңы келген адамдан айырмалап турган инсандык жана кесиптик мүнөздөмөлөрдүн комплексин түзөөрү талдоого алынды.

Педагогдун кесиптик маданиятынын маңызы – предметтик билимди жана окутуунун методикасын жөнөкөй билүүдөн тышкары анын кесипкөйлүгүндө жатат. Кесиптик маданият – педагогдун өзүнүн ролун жана жоопкерчилигин терең түшүнүүсүн, жогорку этикалык жана адеп-ахлактык стандарттарга берилгендигин, ошондой эле өз чеберчилигин өркүндөтүүгө дайыма умтулуусун билдирет.

Мугалимдин кесиптик маданиятын натыйжалуу калыптандыруу үчүн комплекстүү мамилени колдонуу зарыл.

##submission.citations##

Абдуллаев Р.М. Болочок башталгыч класстардын мугалимдеринин кесиптик компетенттүүлүгү. Наука, новые теехнологии и инновации Кыргызстана. №3, 2021-жыл.

Айдарова М.Д. Педагогикалык маданият. – Бишкек, 2017-жыл.

Айдарова М.Д. Эргешали кызы А., Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн шартында мугалимдин кесиптик маданиятынын өнүгүү тенденциялары. Наука, новые теехнологии и инновации Кыргызстана. №8, 2024-жыл.

Асипова Н.А. Билим философиясы жана тарыхы. [Текст] / Н.А. Асипова.

– Бишкек, 2010-жыл.

Бекбоев И.Б. Дүйнөлүк жана кыргыз педагогика илиминин берметтери. – Бишкек, 2022-жыл.146-153-бб.

жарыяланган

2025-05-13

##submission.howToCite##

Айдарова , М., Эргешали кызы, А., Эргешали кызы , А., & Бактыярова , Б. (2025). МУГАЛИМДИН КЕСИПТИК МАДАНИЯТЫН КАЛЫПТАНДЫРУУНУН МААНИЛҮҮ АСПЕКТИЛЕРИ. А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жарчысы, 1(1(25), 17–23. https://doi.org/10.56122/.v1i1(25).347