КЫРГЫЗДЫН САЛТТУУ ОЮНДАРЫНЫН ЭТНОМАДАНИЙ МААНИСИ ЖАНА АЛАР АРКЫЛУУ КООМДУК БААЛУУЛУКТАРДЫ КАЛЫПТАНДЫРУУ

Авторлор

  • Мурзаканова Гулшайыр Арыковна А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети

##semicolon##

https://doi.org/10.56122/..v1i1(25).351

##semicolon##

Ордо оюну, салттуу оюндар, коомдук баалуулуктар, адилеттүүлүк, биримдик, этномаданий компетенттүүлүк, Элдик ырлар, маданий мурас

Аннотация

Бул макала кыргыз элинин байыркы жана маанилүү салттуу оюндарынын бири – Ордо оюну жөнүндө баяндалган. Ордо оюну кыргыздардын маданий мурасында орду чоң, анткени ал коомдук баалуулуктарды, адилеттүүлүктү жана стратегиялык ой жүгүртүүнү камтыган. Макалада Ордо оюну тууралуу тарыхый маалыматтар, элдик ыр саптары жана оюндун түпкү маани-маңызы талданган. Ошондой эле, оюндун кыргыз элинин коомдук жашоосунда кандай мааниге ээ экендиги көрсөтүлгөн.

Макала 4-класстын адабий окуу сабагында Ордо оюнуна арналган теманы окутууга багытталган. Бул макала аркылуу окуучуларга кыргыз элинин улуттук оюндарын үйрөтүү менен, алардын этномаданий компетенттүүлүгүн өстүрүүгө жардам берүү максат кылынган. Ошондой эле, Ордо оюну аркылуу тарыхый, маданий жана тарбиялык маанилерди кайрадан таанып-билүү жана кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын сактоо тууралуу түшүнүктөрдү бекемдөө сунушталат.

Макаладагы ой-пикирлер Ордо оюнуна болгон кызыгууну арттырып, кыргыз элинин салттары жана оюндарынын тарыхый маанисин терең түшүнүүгө көмөк көрсөтөт.

##submission.citations##

Жакыпбеков С. Кыргыздын улуттук оюн маданияты. Бишкек: “Кыргыз Тарых” басмасы, 2018.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги. 4-класстын адабий окуу китеби. Бишкек, 2020.

Асанов Б., Иманкулов К. Кыргыз оюндары: тарыхы жана өнүгүүсү. Бишкек: “Мурас” басмасы, 2015.

Турсунбаев К. Кыргыз этнопедагогикасы. Бишкек: “Билим” басмасы, 2012.

Мурзаканова, Г. А. Башталгыч класстын окуучуларынын этномаданий компетенттүүлүгүн калыптандырууда адабий окуу сабагынын орду / Г. А. Мурзаканова // Вестник Ошского государственного педагогического университета имени А. Мырсабекова. – 2024. – Vol. 2, No. 2(24). – P. 167-172. – DOI 10.56122/..v2i2.232. – EDN UINVWT.

Мурзаканова, Г. А. Адабий окуу сабагында башталгыч класстын окуучуларынын этномаданий компетенттүүлүгүн калыптандыруунун жолдору / Г. А. Мурзаканова // Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана. – 2024. – No. 3. – P. 307-310. – DOI 10.26104/NNTIK.2024.24.26.067. – EDN DJHSAZ.

жарыяланган

2025-05-13

##submission.howToCite##