ЗАМАНБАП ҮЙ-БҮЛӨ ТАРБИЯСЫНДАГЫ ЭЛДИК ООЗЕКИ ЧЫГАРМАЛАРДЫН РОЛУ

Авторлор

  • Жаныбекова Эльвира А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети

##semicolon##

https://doi.org/10.56122/..v1i1(25).359

##semicolon##

адеп-ахлак, жомок, макал-лакап, табышмак, үй-бүлө, оозеки чыгармачылык, мекенчилдик, тарбия, улуттук маданият, руханий баалуулук, салттык тарбия, фольклор, заманбап , рухий, санжыра , ыймандуу, кайрымдуу, берешен, марттыкка.

Аннотация

elmirazanybekova14 @gmail.com Пароль         

Аннотация:  Бул макалада элдик оозеки чыгармалардын заманбап үй-бүлө тарбиясындагы орду жана мааниси кеңири изилденет. Элдик чыгармалардын ар кандай түрлөрү – жомоктор, макал-лакаптар, ырлар, табышмактар аркылуу балдардын инсандык сапаттарынын калыптанышы, алардын адеп-ахлагы, дүйнө таанымы жана ой жүгүртүүсүнүн өнүгүүсү талдоого алынган. Ошондой эле ата-эненин жана коомдун бала тарбиялоодогу жоопкерчилиги белгиленип, таалим-тарбия берүүдө элдик чыгармаларды пайдалануунун натыйжалуулугу көрсөтүлгөн.

Элдик тарбиядагы өзгөчө көңүл коюлуучу багыт- адеп ыйман тарбиясы. Анткени баланын бүгүнкү адеби анын эртеңки күндөгү адам болуу сапаттык белгиси. Ата-эне балдарга улуттук дөөлөттөрдү таанытып, тарых–санжыраларыбызды үйрөтүп, тилибиздин, салтыбыздын өнөрлөрүбүздүн барк-баасын билгизип, рухий  баалуулуктарыбыздын сырын ачып келечек муундарга мурас кылып  берүүсү керек. Үй-бүлөдө балдарды тарбиялоодо элдик санжыранын мааниси чоң. Ал дүйнө таанууну кеңейтип, улутту таанууга жана сыйлоого үйрөтөт. Ошондуктан заманбап үй-бүлөнүн негизги максаты – баланы туура тарбиялап, ага “Адам болуунун билимин” берүү.. Демек, жакшы үй-бүлөдө тарбияланган бала сөзсүз түрдө жакшы сапаттарды өздөштүрүп, турмушта татыктуу инсан болуп өсөт.

##submission.citations##

Асипова, Н.А., Карабалаева, Г.Т., Сатыбекова, Т.С. Этнопедагогика. Бишкек. (2019).

Руссо, Ж.-Ж. Эмиль же Тарбия жөнүндө. Париж.(1762)

Выготский, Л.С. Ойлоо жана тил. Москва (1934).

Сухомлинский, В.А. Жүрөктө тарбиялоонун ыкмалары. Киев. (1974)

Волков, Г.Н. Элдик педагогика жана анын тарбиядагы ролу. Москва.(1985)

Конфуций. Накыл сөздөр жана ой толгоолор.

Кыргыз балдар фольклорунун педагогикасы Рысбаев. Сулайман.Казыбаевич (2014).

https://ilim.oshmpu.kg/index.php/01/article/view/253/178

жарыяланган

2025-05-13