ОКУУЧУЛАРДЫН БИЛИМДИ НАТЫЙЖАЛУУ ӨЗДӨШТҮРҮҮСҮНДӨ САБАКТЫН 5Е МОДЕЛИНИН МААНИСИ

Авторлор

  • Акматова Чынара Асановна А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети

##semicolon##

https://doi.org/10.56122/..v1i2.386

##semicolon##

Билимди өздөштүрүү, сабактын 5E модели, инновациялык технологиялар, STEM компетенциялар, окуучулардын мотивациясы, интерактивдүү билим берүү, аналитикалык ой жүгүртүү, практикалык көндүмдөр, баалоо жана рефлекси

Аннотация

Бул макалада сабактын 5Е моделинин (Кызыктыруу, Изилдөө, Түшүндүрүү, Кеңейтүү, Баалоо) мааниси, маңызы, этаптары жана окуучулардын билимди өздөштүрүүсүнө тийгизген таасири илимий негизде талданат. Сабактын 5Е моделинин конструктивизмге, когнитивдик психологияга жана Ж. Пиаже менен Л. С. Выготскийдин окуу-өнүгүү теорияларына таянган методологиялык негиздери көрсөтүлөт. Автор окуучуларды активдүү иш-аракетке тартуу, тажрыйба жана изилдөөгө багыттоо билимдин узак мөөнөттүү жана терең өздөштүрүлүшүнө шарт түзөрүн белгилейт. Мугалимдин ролу да өзүнчө каралып, ал жөн гана маалымат берүүчү эмес, окуучулардын таанып-билүүсүн уюштуруучу жана жетектөөчү катары сүрөттөлөт. Мисал катары табигый илимдер, STEM багытындагы сабактар жана башталгыч класстын тажрыйбалары келтирилип, 5Е моделинин практикалык колдонулушу баяндалат. Жыйынтыгында бул модель XXI кылымдын компетенцияларын – чыгармачыл ой жүгүртүү, кызматташтык, көйгөйлөрдү чечүү жөндөмүн – калыптандырууга өбөлгө түзөрү далилденет.

##submission.citations##

Абдрасулова Г. Башталгыч класстарда сабактарды уюштуруунун ыкмалары / Г. Абдрасулова. – Бишкек: Улуу Кыргызстан, 2017. – 179 б.

Байбекова Н. Заманбап педагогикалык технологиялар жана алардын билим берүү процесcиндеги ролу / Н. Байбекова. – Бишкек: Кыргыз билим, 2020. – 205 б.

Байби, Р. У. Достижение научной грамотности: от целей к практике / Р. У. Байби. – Портсмут, Нью-Хэмпшир: Хайнеманн, 1997. – 280 с.

Выготский Л.С. Собр.соч: в 2 т., Т.1. –М. 1982, 91-бетте китепте. -250 б

Выготский, Л. С. Мышление и речь / Л. С. Выготский. – М.: Лабиринт, 2001. – 320 с.

Иманалиева А. Ж. Педагогикадагы жаңы методикалык ыкмалар / А. Ж. Иманалиева. – Бишкек: Кыргызстан, 2018. – 215 б.

Кожомкулова, А. Т. Мен жана дүйнө: башталгыч класстардын окуучуларына арналган окуу китеби / А. Т. Кожомкулова. – Бишкек: Кыргыз билим, 2018. – 176 б.

Молдалиева, Г. Башталгыч класстарда 5Е моделин колдонуу / Г. Молдалиева. – Педагогика жана инновация журналы, 2022. – Т. 14, № 2. – С. 45-52.

Мурзаканова, Г. Роль урока чтений в формировании этнокультурной компетенции учащихся начальных классов / Г. Мурзаканова. – Вестник Ошского государственного педагогического университета имени А.Мырсабекова, 2024. – Т. 2, № 2. – С. 165–169.

Пиаже, Ж. Психология интеллекта / Ж. Пиаже. – М.: Прогресс, 1972. – 352 с.

Рыскулова А. Т. Билим берүүдө инновациялык ыкмаларды колдонуу / А. Т. Рыскулова. – Бишкек: Раритет, 2019. – 198 б.

жарыяланган

2025-10-23