ТҮРК ТИЛДҮҮ ЭЛДЕРДИН МАКАЛДАРЫНДАГЫ ОРТОК ТАРБИЯЛЫК ИДЕЯЛАРДЫН ТУРМУШТАГЫ ОРДУ

Авторлор

  • Даминова Инабаткан А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети
  • Кеңешова Нурзат А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети

##semicolon##

https://doi.org/10.56122/..v1i2.396

##semicolon##

этнопедагогика, макал, ылакап, мурас, тарбия, идеялар.

Аннотация

Бул макалада түрк тилдүү элдердин  макалдарындагы орток маанилеш макалдардын тарбиялык мааниси чечмеленип берилди. Макалдардын тарбиялык мааниси – жаш муунду адамкерчиликке, эмгекчилдикке, билимге, адилеттүүлүккө үндөө менен түшүндүрүлөт. Чыгармаларда ата-бабалардын турмуштук философиясы камтылып, коомдук мамилелердеги эң маанилүү баалуулуктар сакталган. Айрыкча түрк дүйнөсүндө тарбия түшүнүгү ар дайым улууга урмат, кичүүгө ызаат, ата-энеге сый, эмгекке умтулуу, ынтымак, билимге кызыгуу сыяктуу түшүнүктөр менен байланышып келген. Ар бир элдин тарыхый-маданий мурастарынын ичинде макал-ылакаптар өзгөчө орунду ээлейт. Макал – бул кылымдар бою элдин тажрыйбасынан, акылмандыгынан, дүйнө таанымынан жаралган кыска, бирок терең маанилүү сөз казынасын түзөт. Түрк тилдүү элдердин макал-ылакаптары – бул бир эле сөз казынасы эмес, тарыхтын, маданияттын жана руханий дүйнөнүн күзгүсү. Алардын мазмунунда жаш муунду тарбиялоонун жалпы принциптери чагылдырылган. Түрк тилдүү элдердин макал-ылакаптары – бул улуу руханий мурас. Алар ар бир элдин өзүнө таандык тилинде айтылса да, тарбиялык идеялары бирдиктүү.

##submission.citations##

Абдылдаев, С. Кыргыз макал-ылакаптарынын тарбиялык мааниси. – Бишкек: Кыргыз Университети, 2010.

Айдаров, Т. Элдик тарбиянын булактары. – Бишкек: Улуу Тоо, 1998.

Әуезов, М. О. Әдебиет тарихы. – Алматы: Жазушы, 1959.

Жамгырчиев, Б. Кыргыз элдик педагогикасы. – Бишкек: Илим, 2003.

Кононов, А. Н. Түркологические исследования. – Москва: Наука, 1974.

Қаюмов, А. O‘zbek xalq maqollari va ularning tarbiyaviy ahamiyati. – Тошкент: Fan, 1981.

Köprülü, M. F. Türk Edebiyatında İlk Mutasavvıflar. – İstanbul: Dergah Yayınları, 1992.

Хазретали, Ж. Казак жана кыргыз макал-ылакаптарынын салыштырма анализи. – Алматы: КазУУ,- 2015.

жарыяланган

2025-10-23