КЕНЖЕ МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫН КЫРГЫЗ ЭЛ ЫРЛАРЫ АРКЫЛУУ ЭКОЛОГИЯЛЫК ТАРБИЯ БЕРҮҮ

Авторлор

  • Какиева Гулзада Алимбековна А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети
  • Калдарбек кызы Айчүрөк А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети
  • Кулназарова Арина Кулназаровна А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети

##semicolon##

https://doi.org/10.56122/..v2i2%20(26).406

##semicolon##

Экология, жаратылыш, коргоо, ырлар, окуучулар, тарбия.

Аннотация

Жаратылыш, жер планетасы адамзаттын жалгыз үйү -  деп эсептейбиз. Кыргызстан жергебиз кандай кооз, суктанарлык, суулары мол, кен байлыктары көп экендигин коңшулаш элдер да жакшы билишет жана суктанышат. Жаңы окуу жылында мектептер 12 жылдык окуу мөөнөтүнө байланыштуу окуу программалар, стандарттар жаңы талапка ылайык өзгөрүлүүдө. Жаш муундарга билим, тарбия берүүнүн мазмуну жаңыланды.   Ошондуктан, азыркы учурда  айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылышты  көздүн карегиндей сактоо маселеси глобалдык мааниге ээ болууда.  Бул маселени чечүүдө балдардын жаратылышка болгон мамилесин өзгөртүү менен  экологиялык маданиятын жогорулатуу негизги орунда турат. Өзгөчө бул багыттагы тарбия иштери бала бакчадан жана кенже мектеп курагынан башталышы абзел. Элибиз илгертеден эле жаратылыш менен өз ара ылайыкташып, жашап келишкен. Бул макалада кыргыз эл ырларынын мааниси кенже мектеп окуучуларына экологиялык тарбия берүүдө табиятка болгон аяр мамиле, экологиялык баалуулуктар берилген.  Анткени башталгыч класстын окуучуларына кыргыз эл ырларын колдонуу натыйжалуу жана маанилүү болмокчу.   Себеби балдарды руханий баалуулуктарын өнүктүрүү менен жаратылышты сүйүүгө   тарбиялоо мектепке чейинки куракта, кенже мектептерде системалуу түрдө жүргүзүү замандын талабы.

##submission.citations##

Заилова, Ж. Ж. Башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандыруу / Ж. Ж. Заилова, Э. Т. Мамарасулова, К. А. Эрмекбек // Известия ВУЗов Кыргызстана. – 2023. – No. 4. – P. 173-176. – EDN RTUQYJ.

https://cbd.minjust.gov.kg/218/edition/11538/kg

Залкар акындар. 3-том. Кет бука. Асан кайгы. Токтогул ырчы. Калыгул. Арстанбек. Б:2006-ж.37-б.

Женижок. Ырлар. Ф:1982-ж.21-б.

Койчуманов Ж. Кадыров Ы. Макал –Лакаптар. Нуска сөздөр. Накыл кептер. Залкар ойлор. Б:.2012-ж. 353-б.

Ботоханова Д. Бабалар сөзү – акылдын көзү.Б-2024-ж.16-б.

Ысманова Ж., Ибраимова К, Мусаева В., Өжөрбаева С., Жаанбаева Р. Адеп. 2-кл. Б: 2013-ж. 70-б.

Кыдыров А., Сулайманов Д. Кыргыз балдар поэзиясынын антологиясы.Ф:1987-ж. 255-б.

Жалилова, С. Б. Кенже мектеп окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандырууда элдик кенч-казыналарынын тийгизген таасири / С. Б. Жалилова // Вестник Ошского государственного педагогического университета имени А. Мырсабекова. – 2024. – Vol. 2, No. 2(24). – P. 102-106. – DOI 10.56122/..v2i2.217. – EDN ZVYCFT.

жарыяланган

2025-11-11

##submission.howToCite##

##plugins.generic.recommendByAuthor.heading##