ӨСҮМДҮКТӨРДҮН АЙЛАНА ЧӨЙРӨГӨ ЫҢГАЙЛУНУУСУНА САЛЫШТЫРМАЛУУ АНАЛИЗ

Авторлор

  • Абжапарова Айнура Манаповна Ош мамлекеттик педагогикалык университети
  • Туратбеков Максатбек Бахтбекович Ош мамлекеттик педагогикалык университети
  • Сарыбаева Максуда Мамасалиевна Ош мамлекеттик педагогикалык университети

##semicolon##

https://doi.org/10.56122/..v2i2.42

##semicolon##

Этилен, абсциз кислотасы, суу режими, суу дефицити, фотосинтез, өсүү, температура, тамыр системасы, гигрофиттер, ксерофит, гидрофит, эфемер, суккулент, склерофит, мезофит, транспирация

Аннотация

Илимий макалада айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн өсүүсүнө сырткы чөйрөнүн факторлорунун, өзгөчө кургакчылыктын тийгизген таасири изилденген. Ошондой эле өсүмдүктүн тышкы чөйрөнүн ынгайсыз шарттарына ыңгайлануу жолдору менен организмде жүрүүчү процесстердин оптималдуулугуна жетишүү жөндөмдүүлүгү жөнүндөгү маалыматтар баяндалган.

Кургакчылыктын тийгизген таасиринин натыйжасында өсүмдүктөрдүн организминде бир топ физиологиялык, биохимиялык процесстердин өзгөрүүсү жүрө тургандыгы, ошондой эле ар кандай шарттардын таасиринен коргонуусу алардын анатомиялык түзүлүштөрүнүн өзгөчөлүктөрү  аркылуу ишке ашырылары жөнүндө жазылган. Өсүмдүктөр нымдуулуктун болушуна карата түрдүү топторго бөлүнүшү жана алардын ар биринин морфологиялык, анатомиялык өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири түшүнүктөр берилген.

Эксперименталдык изилдөөлөрдүн негизинде салыштырмалуу кургакчылыкка чыдамдуу айыл чарба өсүмдүктөрү белгиленген жана  бүгүнкү күндө өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн арттырууда, аларды ар түрдүү жолдор менен кургакчылыкка туруктуулугун жогорулатуунун жолдору баяндалып жазылган.

##submission.citations##

Аникиев В.В. Летние практические занятия по физиологии растений [Текст] / В.В.Аникиев, М.С.Миллер., А. М.ОбуховаГ.–Москва, 1960.

Абжапарова А.М. Өсүмдүктөрдүн физиологиясы / А.М. Абжапарова. –Ош, 2016.

Ермаков И.П. Физиология растений /И.П. Ермаков. –Москва, Академия 2007.

Зенгбуш П. Молекулярная и клеточная биология / П. Зенгбуш. – М, Мир1982.

Тетюрев В.А. Методика эксперимента по физиологии растений / В.А.Тетюрев. –М., Просвешение, 1980

жарыяланган

2022-12-21