БАЛДАРДЫН МАЙДА МОТОРИКАСЫ — СҮЙЛӨӨ РЕЧИНИН ӨНҮГҮҮСҮНҮН КАРАЖАТЫ КАТАРЫ (М. МОНТЕССОРИНИН СИСТЕМАСЫНДА)

Авторлор

  • Мурзаканова Гулшайыр Арыкова А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети

##semicolon##

https://doi.org/10.56122/..v1i2.434

##semicolon##

Башталгыч класс, окутуу методикасы, дидактикалык оюндар, математикалык сабаттуулук, көндүм.

Аннотация

Бул макалада баланын майда моторикасынын өнүгүүсү менен сүйлөө речисинин калыптанышынын ортосундагы өз ара байланыш терең иликтенип, М.Монтессоринин педагогикалык системасынын негизинде талдоого алынат. Изилдөөнүн жүрүшүндө баланын кол кыймылдары, манжа булчуңдарынын активдүүлүгү жана сенсордук тажрыйбалары анын мээнин иштешине, айрыкча сүйлөө борборлорунун өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир этери белгиленет. Анткени учурда ар кандай гаджеттерди пайдалануудан улам, балдардын сүйлөө речи кечендеген учурлар көп кездешип жататкандыгы негизги маселени туюндурат. Монтессори методикасы баланын табигый өнүгүү муктаждыктарына жана ички потенциалына ылайык түзүлгөндүктөн, анда кол менен аракеттенүү — үйрөнүүнүн, сүйлөөнүн жана акыл-эс өнүгүүнүн негизги каражаты катары каралат. Макалада майда моториканы өнүктүрүү үчүн колдонулган көнүгүүлөрдүн, оюндардын жана атайын Монтессори материалдарынын сүйлөө речисин стимулдаштыруудагы ролу мисалдар менен көрсөтүлгөн. Ошондой эле кыргыз педагогикасында бул методиканы адаптациялоо жолдору, ата-энелер менен мугалимдердин кызматташтыгынын мааниси белгиленет. Жыйынтыгында, майда моториканы системалуу өнүктүрүү баланын тилдик, интеллектуалдык жана социалдык компетенцияларын калыптандыруунун негизги шарты экени далилденет.

##submission.citations##

Абдрасулова, Г. Мектепке чейинки педагогика. — Бишкек: Кыргызстан, 2019. — 180 б.

Выготский, Л. С. Мышление и речь. — М.: Педагогика, 1984. — 320 с.

Закиров, А. Этнопсихологиялык көз караштан бала өнүгүүсү. — Ош, 2015. — 132 б.

Лурия, А. Р. Речь и мышление ребенка. — М.: Просвещение, 1970. — 214 с.

Монтессори, М. Помоги мне это сделать самому. — М.: Академкнига, 2012. — 256 с.

Осмоналиева, Т. Бала психологиясы жана өнүгүүсү. — Ош: Жаңы китеп, 2020. — 164 б.

Пиаже, Ж. Психология интеллекта. — М.: Академия, 2003. — 210 с.

https://chudo-chado.kg/methods/the-method-montessori/

https://interneturok.ru/blog/voprosy_psihologii/metodika-razvitiya-montessori

https://ky.healthy-food-near-me.com/methods-of-early-development-of-maria-montessori-from-6-months-to-6-years-v-dmitrieva/#Lets-get-acquainted-Maria-Montessori

Кадырова, Т. (2025). ЦЕЛИ И ЗАДАЧИ ПОДГОТОВКЕ ДОШКОЛЬНИКОВ К ОБУЧЕНИЮ В ШКОЛЕ. Вестник Ошского государственного педагогического университета имени А.Мырсабекова, 1(1(25), 49–55. https://doi.org/10.56122/.v1i1(25).272

Айнагүл Кашыбаева, “Кутбилим” 13.05.2016.

3төн 6 жашка чейинки балдарды өнүктүрүү «Балалык» программасы. – Б.: Аркус бас., 2017. – 352 б.

жарыяланган

2025-10-23