АЗЫРКЫ ШАРТТАРДА МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫН ПАТРИОТТУК ТАРБИЯЛООНУН МАСЕЛЕЛЕРИ

Авторлор

  • Тиллабаева Жазгул Жылдызбековна Ош мамлекеттик педагогикалык университети

##semicolon##

https://doi.org/10.56122/..v2i2.47

##semicolon##

педагогика, патриот, окуу-тарбия, билим, Ата-Мекен, мектеп, улут, коом, баалуулуктар, постсовет, руханий дүйнө, адеп-ахлак

Аннотация

Патриоттук тарбия азыр билим берүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуу менен, жаш муундарды турмуштун түрдүү чөйрөлөрүндө эң маанилүү коомдук функцияларды аткарууга даярдоо процессинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Акыркы жылдардадүйнөлүк цивилизациянын мейкиндигине таянып алып, патриоттук иштерди жүргүзүү зарылдыгын таңуулап, өлкөдө улутчулдук менен мүнөздөлгөн экстремисстик псевдопатриоттук кыймылдар кездешүүдө. Ага байланыштуу патриоттуулукка тарбиялоодо мурун көнүп жат болуп калган стереотиптерден баш тартууга, учурдагы реалдуулукту эске алуу менен тарбиялоо мааниге ээ болууда. Мектеп окуучуларын тарбиялоо менен байланышкан жаңы проблемалар патриоттук тарбиянын маңызын, анын кыргыз коомунун турмушундагы ордун жана ролун кайра карап чыгууну талап кылууда. Илимий педагогикалык теориялар пайда болгонго чейинки тарбиялоонун бирден-бир формасы, каражаты болгон элдик педагогиканын универсалдуу булагына кайрылуу зарылдыгы улам ачыкталууда. Бул макалада дал ушул маселелерди кароо жана чечүүүнүн жолдору, элдик педагогиканын тарбиялоо мазмундарын бүгүнкү күнгө ылайыкташтыруу менен мектеп окуучуларын патриоттуулукка тарбиялоо каралат.

##submission.citations##

Абдураимова З.С. Педагогиканы окутуунун технологиялары. Ош, 2021. жалпы б.239. 19-20-бб.

Акматов К., Д.Бабаев, К.Кимсанов. Педагогика /окуу куралы/. Бишкек, 2019. жалпы 479 б. 271-274-бб.

Рысбаев С.К., Иманкулов М.К. Кыргыз педагогикасы-кыргыз улутунун жүзү. Бишкек, 2010. жалпы 432 б. И.Б.Бекбоев. Элдик педагогика – тарбиялоонун башаты. /текст/ 259-261-бб.

Алимбеков А. Кыргыз эл педагогикасындагы адеп тарбиясы. “Улуу тоолор” Бишкек, 2018. Жалпы бет 111. 23-25-бб.

Бекембай Апыш. Педагогика. Ош, 1993.жалпы 106 б. 3-6-бб.

Катуков А.М., Цветаев Е.Н. Военно-патриотическое воспитание учащихся на занятиях по начальной военной подготовке. жалпы бет 190. Издательство “Просвещение” 1984. 4-7-бб.

President.kg.

жарыяланган

2022-12-21