ИЛИМИЙ ТЕКСТ МЕНЕН ИШТӨӨ АРКЫЛУУ АКАДЕМИЯЛЫК ЖАЗУУ КӨНДҮМДӨРҮН КАЛЫПТАНДЫРУУ

Авторлор

  • Давлатова Сара Жамаловна Ош мамлекеттик университети
  • Тахирова Назгүл Исраиловна Ош мамлекеттик университети

##semicolon##

https://doi.org/10.56122/..v1i2.484

##semicolon##

илимий текст, академиялык жазуу, абзац, киришүү, багыттоочу сүйлөм, тезис, негизги бөлүк, далилдер, фактылар, корутунду, көндүм.

Аннотация

Учурда ЖОЖдордо студенттерде академиялык жазуу көндүмдөрүн калыптандыруу көйгөйү жаралууда. Бир кесипке багытталып окуп жаткан студент илимий  чөйрөдө оюн так, логикалык байланышта берүүгө тийиш. Аны үчүн академиялык текстти анализдөө жана жаза билүү билим, билгичтик, көндүмдөрү калыптандырылууга тийиш.

Макаладагы иликтөөнүн максаты – академиялык тексттин түзүлүшүн анализдөө  жана жазуу көндүмдөрүн калыптандырууда  колдонулуучу усулдук ыкмалардын натыйжалуулугун аныктоо.

Изилдөөнүн натыйжалары эксперимент методунун негизинде чыгарылды. Тактап айтканда сдуденттердин академиялык жазуу боюнча билим, билгичтик, көндүмдөрүн калыптандырууда пайдаланылган усулдук ыкмалар  төмөнкүдөй натыйжасын бере алат: 

  1. Академиялык текст боюнча билимге ээ болуу менен анын өзгөчөлүктөрүн аныктоо;
  2. Тексттин идеясын, структуралык түзүлүшүн аныктоо:
  • киришүү бөлүмүндөгү сүйлөмдөрдү, алар туюнткан ойду аныктоо;
  • негизги бөлүктөгү далил-фактыларды пайдалана билүү, алардын ырааттуулугуна, логикалуулугуна баа берүү;
  • абзацтардагы сүйлөмдөрдүн курулушу жана аларда берилген ойлорду аныктоо;
  • корутунду чыгара билүү;
  • академиялык текст жазууга багыт алуу.

Жыйынтыктап айтканда, бир сабакта колдонулган усулдук ыкмалар студенттердин илимий багытта ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө мүмкүндүк түзө алат. Кийинки сабактарда бул багытта ишти   улантуу аркылуу көндүмдөр калыптандырылат.

##submission.citations##

Камбаралиева, У. Кыргыз тили академиялык окууда жана жазууда [Текст]/ У. Камбаралиева, Г. Шабралиева, Ж.Жапарова. –Бишкек, 2019. –189 б.

Квициния, М.Б. Академическое письмо [Текст]: Учебное пособие/ М.Б Квициния, –Сухум, 2018. –144 с.

Короткина, И.Б. Академическое письмо: процесс, продукт и практика [Текст] / И.Б.Короткина. –Москва, 2020. –296 с.

Мередит, К. С. Критическое мышление: углубленная методика. Пос. IV // Подготовлено в рамках проекта «Чтение и письмо для Критического мышления». [Текст] / К. С. Мередит, Дж. Л. Стил, Ч. Темпл. — М.: Изд-во «ИОО», 1997.− 55 с.

Миңбаев, К. Психология [Текст] / К. Миңбаев, А. Закиров. –Ош, 2010. –255 б.

Умаров, Т. Социалдык психология предмети боюнча усулдук колдонмо [Текст] / Т. Умаров, А. Борсонов. –Ош, 2010. – 112 б.

жарыяланган

2025-10-23