ОКУТУУДА ТОПТУН ЖУМУШУН РАНДОМАЙЗЕР ГЕНЕРАТОРУН КОЛДОНУП УЮШТУРУУ

Авторлор

  • Бактыбек кызы Айсулуу А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети

##semicolon##

https://doi.org/10.56122/..v1i2.486

##semicolon##

Билим берүү, университет, мектеп, окуучу, студент, топтук жумуш, сабак, рандомайзер

Аннотация

Билим берүү  процессинде жаңы техологияларды колдонуу окуучулардын кызыгуусун арттырып, сабактарды өзгөчөлүү жана кызыктуу кылууга мүмкүнчүлүк түзөт. Билим берүү процесси натыйжалуу болушу үчүн  ар бир окуучунун өзүнчө мүмкүнчүлүктөрү, кызыкчылыктары жана жеке өзгөчөлүктөрү  эске алынып, методикалар тандалат. Окутуунун топтук түрүндө талкуу өтө кеңири колдонулат. Бул мугалим менен окуучулардын кызматташуусу аркылуу ишке ашат. Класс окуучулары төрт-бештен турган кичи тайпаларга биригет. Ар бир тайпа берилген тапшырманы аткарып, кийин топтор ортосунда талкуу жүргүзүлөт. Топтук окутууда ар бир окуучунун активдүү болуусуна  үйрөнүлүп жаткан  маселенин тегерегинде ой жүгүртүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлөт.[1]

 Топтук иш аракеттер окуучулардын ортосундагы коммуникацияны жакшыртып, биргелешкен тапшырмаларды чечүү жөндөмдөрүн  өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Бул процесс мугалимдердин башкаруусунда ишке ашырылат. Макалада рандомайзер генераторун билим берүү процессинде  колдонуу, анын максаттары жана пайдалары тууралуу сөз болот.

##submission.citations##

Тайиров М.М., Мурзаев М.С Окутуунун жаңы технологиялары 2009.72-бет

Жусупова А. “Педагогикалык технологиялар жана интерактивдүү окутуу ыкмалары.” Бишкек ш. 2020-ж.

КЫРГЫЗ ПЕДАГОГИКАСЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ 159 бет

А.Муратов., К.Акматов “Окутуунун жаңы технологиялары” Б-2019-жыл

Интернет булактары

https://randomus.ru

жарыяланган

2025-10-23