Ош областынын аймагында ички туризмдин өнүгүү багыттары

Авторлор

  • Асадулло Куйчиев Ош МПУ
  • Мээр Абдылдаева Ош МПУ

##semicolon##

https://doi.org/10.56122/..v1i1.59

##semicolon##

ички туризм, ыйык жерлер, саякат, зыярат, жаратылыш шарттары

Аннотация

Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен жаратылышынын өзгөчөлүгү, ыңгайлуу  географиялык жайгашуусу жана көп улуттуу маданияты менен Кыргызстан айырмаланып турат. Кыргызстандын бардык аймактары өз алдынча табигый артыкчылыктарга ээ. Ошондой эле Ош областынын аймагы да кайталангыс жаратылышы менен белгилүү. Макалада Ош областынын аймагында орун алган эс алуучу жайлар, рекреациялык аймактар жана объектилерге жалпы мүнөздөмө берилген. Ошондой эле аймактын тоолуу жана түздүктүү рельефинин микроклиматы жана жаратылыш шарттары каралган. Теманы изилдөөдө автор алдын ала түзүлгөн пландын негизинде иш алып барган. Тиешелүү илимий адабияттардан маалыматтар алынып, аларга шилтемелер берилген. Макалада жыйналган маалыматтар илимий–практикалык мааниге ээ экендиги менен айырмаланат. Макала илимий басылмалар койгон талаптарга толук жооп берет жана басмага сунушталат.

##submission.citations##

Куйчиев Асадулло Сулайманович, Абдылдаева Мээр.Ош областынын рекреациялык мүмкүнчүлүктөрү. “Магистранттардын илимий демилгелери”. ОшМПУ жарчысы, 2023.

Святые места Юга Кыргызстана:Природа,Манас, Ислам. Культурно исследовательский центр Айгине. Бишкек-2013.

Ахмадалиев Ю.И. Этноэкология. Фергана-2021.

Политклиника. https://www.youtube.com/channel/UCSvxLfdfXfLFsnxu8Y61HXg

Куйчиев А.С. Перспективы развития туризма в Кыргызстане. Архангайский педагогический университет. Монголия 2022 г.

Викисловарь.

Энциклопедия Ошской области. Фрунзе 1987г.

жарыяланган

2023-06-27