ТҮРК ТИЛДҮҮ ЭЛДЕРДИН МАКАЛДАРЫНДАГЫ ОРТОК ТАРБИЯЛЫК ИДЕЯЛАРДЫН ТУРМУШТАГЫ ОРДУ
##plugins.pubIds.doi.readerDisplayName##:
https://doi.org/10.56122/..v1i2.396Ключевые слова:
этнопедагогика, макал, ылакап, мурас, тарбия, идеялар.Аннотация
Бул макалада түрк тилдүү элдердин макалдарындагы орток маанилеш макалдардын тарбиялык мааниси чечмеленип берилди. Макалдардын тарбиялык мааниси – жаш муунду адамкерчиликке, эмгекчилдикке, билимге, адилеттүүлүккө үндөө менен түшүндүрүлөт. Чыгармаларда ата-бабалардын турмуштук философиясы камтылып, коомдук мамилелердеги эң маанилүү баалуулуктар сакталган. Айрыкча түрк дүйнөсүндө тарбия түшүнүгү ар дайым улууга урмат, кичүүгө ызаат, ата-энеге сый, эмгекке умтулуу, ынтымак, билимге кызыгуу сыяктуу түшүнүктөр менен байланышып келген. Ар бир элдин тарыхый-маданий мурастарынын ичинде макал-ылакаптар өзгөчө орунду ээлейт. Макал – бул кылымдар бою элдин тажрыйбасынан, акылмандыгынан, дүйнө таанымынан жаралган кыска, бирок терең маанилүү сөз казынасын түзөт. Түрк тилдүү элдердин макал-ылакаптары – бул бир эле сөз казынасы эмес, тарыхтын, маданияттын жана руханий дүйнөнүн күзгүсү. Алардын мазмунунда жаш муунду тарбиялоонун жалпы принциптери чагылдырылган. Түрк тилдүү элдердин макал-ылакаптары – бул улуу руханий мурас. Алар ар бир элдин өзүнө таандык тилинде айтылса да, тарбиялык идеялары бирдиктүү.
Библиографические ссылки
Абдылдаев, С. Кыргыз макал-ылакаптарынын тарбиялык мааниси. – Бишкек: Кыргыз Университети, 2010.
Айдаров, Т. Элдик тарбиянын булактары. – Бишкек: Улуу Тоо, 1998.
Әуезов, М. О. Әдебиет тарихы. – Алматы: Жазушы, 1959.
Жамгырчиев, Б. Кыргыз элдик педагогикасы. – Бишкек: Илим, 2003.
Кононов, А. Н. Түркологические исследования. – Москва: Наука, 1974.
Қаюмов, А. O‘zbek xalq maqollari va ularning tarbiyaviy ahamiyati. – Тошкент: Fan, 1981.
Köprülü, M. F. Türk Edebiyatında İlk Mutasavvıflar. – İstanbul: Dergah Yayınları, 1992.
Хазретали, Ж. Казак жана кыргыз макал-ылакаптарынын салыштырма анализи. – Алматы: КазУУ,- 2015.
Опубликован
Как цитировать
Выпуск
Раздел
Лицензия
Copyright (c) 2025 А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жарчысы

Это произведение доступно по лицензии Creative Commons «Attribution» («Атрибуция») 4.0 Всемирная.
This work is licensed under the Creative Commons Attribution 4.0 International License. To view a copy of this license, visit http://creativecommons.org/licenses/by/4.0/ or send a letter to Creative Commons, PO Box 1866, Mountain View, CA 94042, USA.





