“АДАБИЙ ОКУУ” САБАГЫНДА STEM ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ АРКЫЛУУ “БОЗ ТОРГОЙ” АҢГЕМЕСИН ТАЛДООНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

Авторы

  • Чынара Акматова
  • Гулшайыр Мурзаканова А.Мырсабеков атындагы, Ош мамлекеттик педагогикалык университети

##plugins.pubIds.doi.readerDisplayName##:

https://doi.org/10.56122/..v2i2.519

Ключевые слова:

STEM технологиясы, инновациялык окутуу, башталгыч класстар, көркөм текст, боз торгой чыгармасы, инженердик моделдөө, табият кубулуштары, критикалык ой жүгүртүү

Аннотация

макалада Түгөлбай Сыдыкбековдун “Боз торгой” чыгармасын башталгыч класстарда инновациялык жана STEM технологияларына таянып окутуунун мүмкүнчүлүктөрү жана методикалык өзгөчөлүктөрү кеңири каралат. Заманбап билим берүүдө көркөм текстти интегративдүү, окутуунун предметтик чегинен чыгарып талдоонун зарылдыгы белгиленип, изилдөөдө STEM технологиясынын компоненттери чыгарманы талдоого интеграцияланып, окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүн, табият кубулуштарын илимий түшүндүрүү жөндөмүн, инженердик моделдөө көндүмдөрүн жана логикалык ойлоосун өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү ачып берилет. Чыгармада табият кубулуштары, жаныбарлардын жашоо аракеттери, коркунуч жана коргонуу инстинкти сыяктуу образдар окуучулардын илимий байкоосун, логикалык ой жүгүртүүсүн, эмоциялык кабыл алуусун жана чыгармачыл потенциалын өнүктүрүүгө кантип шарт түзөрү негизделет. “Боз торгой” чыгармасынын мазмундук өзгөчөлүктөрү табият жана жаныбарлар дүйнөсү менен тыгыз байланышта болгондуктан, аны STEM ыкмалары аркылуу талдоо окуучуларга окуяны терең аңдап-түшүнүүгө, эмоциялык кабыл алуусун күчөтүүгө жана боорукердик сыяктуу адамдык сапаттарды калыптандырууга өбөлгө түзөрү да  көрсөтүлгөн. Ошондой эле мини-мультфильм түзүү, эмоция карталары, инженердик модель жасоо сыяктуу инновациялык ыкмалардын практикалык мааниси жана педагогикалык натыйжалуулугу да талданып, башталгыч билим берүүнүн азыркы талаптарына шайкеш келери негизделет. Изилдөөнүн жыйынтыгында STEM технологиясы көркөм текстти окутууда интегративдүү, натыйжалуу жана заманбап мамиле экендиги, ал окуучуларда комплекстүү компетенциялардын калыптанышына өбөлгө түзөрү аныкталды.

Библиографические ссылки

Мамытов А. Кыргызстандын мектептик жана мектептен тышкаркы кошумча билим берүүсүндѳгү STEM – билим берүү. – Б.:2025. -240 б.

Выготский, Л. С. Психология искусства.–Москва: Искусство, 1987.

Акматов , К., Мамырова, А. (2023). Теоретические основы понятия «художественный текст». Вестник Ошского государственного университета, (1), 60–67.

Давлетов С. Байланыштуу речь. [Текст]/ С.Давлетов. –Б.: 1999.

Абдухамидова Б.А. ж.б. Адабий окуу: кыргыз орто мектепетринин 2-кл. Үчүн окуу китеби. / Б.А.Абдухамидова, С.К.Рысбаев, К.И.Ибраимова. Толук., 2-бас. –Б.:Билим-компьютер, 2018. -184 б.

Теңишова, К. (2025). Значение преподавания художественных текстов в начальной школе по литературе. Вестник Ошского государственного педагогического университета имени А.Мырсабекова, 2(1(25), 155–161.

Үсөналиев С. Кыргыз тилинин справочниги. 5-бас. [Текст]/ Үсөналиев С., Иманалиев С. –Б.:2004.

Акматова, Ч. (2025). Значение модели 5e в успешном освоении знаний учащимися. Вестник Ошского государственного педагогического университета имени А.Мырсабекова, 1(2), 17–23.

Опубликован

2026-06-15

Как цитировать

Акматова , Ч., & Мурзаканова, Г. (2026). “АДАБИЙ ОКУУ” САБАГЫНДА STEM ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ АРКЫЛУУ “БОЗ ТОРГОЙ” АҢГЕМЕСИН ТАЛДООНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ. Вестник Ошского государственного педагогического университета имени А.Мырсабекова, 2(2), 151–159. https://doi.org/10.56122/.v2i2.519

##plugins.generic.recommendByAuthor.heading##