ИНФОРМАТИКА САБАГЫНДА ИНТЕРАКТИВДҮҮ УСУЛДАРДЫ КОЛДОНУУ

Авторы

  • Эралы Арынбаев А.Мырсабеков атындагы, Ош мамлекеттик педагогикалык университети

##plugins.pubIds.doi.readerDisplayName##:

https://doi.org/10.56122/..v2i2.545

Ключевые слова:

интерактивдүү окутуу, информатика сабагы, окутуу усулдары, дидактикалык оюндар, окуучунун активдүүлүгү, инновациялык технологиялар

Аннотация

Бул макалада информатика сабагында интерактивдүү усулдарды колдонуу маселеси каралат. Азыркы билим берүү шартында окуучулардын активдүүлүгүн жогорулатуу, өз алдынча ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана практикалык көндүмдөрүн калыптандыруу негизги милдеттердин бири болуп эсептелет. Ошондуктан салттуу окутуу ыкмалары менен катар интерактивдүү усулдарды айкалыштырып колдонуу зарыл. Макалада интерактивдүү окутуунун маңызы, артыкчылыктары жана аны информатика сабагында колдонуу өзгөчөлүктөрү талданат. Ошондой эле окуучулардын кызыгуусун арттыруучу ар кандай дидактикалык оюндардын мисалдары берилет. Интерактивдүү усулдар окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун жогорулатып, билимди терең өздөштүрүүгө өбөлгө түзөт. Мындай ыкмалар аркылуу окуучулардын чыгармачылык жөндөмдөрү, коммуникативдик көндүмдөрү жана логикалык ой жүгүртүүсү өнүгөт. Натыйжада билим берүүнүн сапаты жогорулайт

Библиографические ссылки

Султанбаев Т., Зулуев Б. Окутуунун интерактивдик усулдары: мектеп мугалимдери, ЖОЖдун окутуучулары жана студенттери үчүн. – Ош, 2009.

Жороев Т., Ианапова Н., Кайымова П. Музжаргычтар. – Ош, 2008.

Касымов А. Интерактивдик методдор. – Бишкек, 2007.

Эсенгулова М., Асекова Ж. Сынчыл ойломду өстүрө турган окуу жана жазуу программасынын хрестоматиясы. – Бишкек, 2004.

Кыргыз педагогикасы: энциклопедиялык окуу куралы. – Бишкек, 2004.

Байгазиев С. Интерактивдик окутуунун педагогикалык идеологиясы жана технологиясы // Кут билим. – 2007. – №22–23.

Опубликован

2026-05-14

##plugins.generic.recommendByAuthor.heading##

1 2 > >>