ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН “АК КЕМЕ” ПОВЕСТИНДЕГИ СИМВОЛДОРДУН ЧАГЫЛДЫРЫЛЫШЫ
##plugins.pubIds.doi.readerDisplayName##:
https://doi.org/10.56122/..v1i1.565Ключевые слова:
Ак кеме, Мүйүздүү Бугу-Эне, символизм, бала, дүрбү, портфель, экология, миф, үч саны, трагедияАннотация
Аннотация
Макалада Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повести кыргыз адабиятынын классикалык үлгүсү катары жети жаштагы жетим баланын мифопоэтикалык дүйнө таанымы аркылуу адам менен табияттын гармониясы, салт-санаанын бузулушу, нравалык-ыймандык кризистер сыяктуу түбөлүк философиялык маселелерди терең чагылдырат. Чыгарма миф, фантазия жана реалисттик баяндоонун синтези аркылуу түзүлгөн: байыркы кыргыз легендасы Мүйүздүү Бугу-Эне жомогу менен заманбап кардон турмушунун карама-каршылыгы трагедиялык конфликтти жаратат.
Символикалык система чыгарманын идеялык өзөгүн түзөт: Ак кеме – тазалыктын, үмүттүн жана жетпес идеалдуу келечектин архетипи; дүрбү – дүйнөнү таанып-билүүнүн, үмүт менен чындыктын ортосундагы оптикалык-метафизикалык ажырымдын белгиси; портфель – билимдин, өсүүнүн жана үчтүк гармониянын т.а.бала – дүрбү – портфелдин символу; Мүйүздүү Бугу-Эне – табияттын энелик күчү, улуттук мурас менен экологиялык жоопкерчиликтин образы; үч саны – мифтик симметриянын (үч түтүн, үч короо, үч дүйнө, үч жомок, үч күндүк сюжет) жана анын бузулушунун – коомдук дисгармониянын көрсөткүчү.
Башкы каарман – “жөн гана Бала” – таза аң-сезимдин, балалыктын жана адамгерчиликтин универсалдуу символу катары чыгарманын трагедиялык борборун ээлейт.
Айтматов символдор аркылуу адамдын табияттан ажырашынын кесепеттерин, салттын жок болушун жана нравалык деградацияны сынга алат. Повест экологиялык, этикалык жана мифопоэтикалык өңүттөрдөн талданганда, турмуштун модернизациянын маданий-рухий зыянын ачып көрсөтөт. Окумуштуулар тарабынан миф менен заманбаптыктын синтези катары бааланган чыгарма адамзаттын түбөлүк изденүүсүн жана моралдык жоопкерчиликти ойлондуруп, дүйнөлүк адабияттагы экзистенциалдык-философиялык көркөм тексттердин катарына кирет.
Библиографические ссылки
Кыргыз тилинин сөздүгү. Биринчи бөлүк. – Б.: “АVRASYA PRESS” 2016. 2016. -891 б.
Айтматов энциклопедиясы: Портреттер, илимий макалалар, эскерүүлөр, ырлар, каттар, маалыматтар, документтер, сүрөттөр ж.б. I том: А-Ж/ А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. Экинчи бас. – Б.: “Турар”, 2018. – 971 б.
Чыңгыз Айтматов: “Окурмандын китеп текчеси” сериясы. 25-том./Түз.А.Кадырманбетова. -Б.: “Кут бер”, 2017. -640 б.
https://sputnik.kg/20180407/ak-keme-povesti-tuuraluu-kyzyktuu-10-fakty-1038556725.html
Опубликован
Как цитировать
Выпуск
Раздел
Лицензия
Copyright (c) 2026 А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жарчысы

Это произведение доступно по лицензии Creative Commons «Attribution» («Атрибуция») 4.0 Всемирная.
This work is licensed under the Creative Commons Attribution 4.0 International License. To view a copy of this license, visit http://creativecommons.org/licenses/by/4.0/ or send a letter to Creative Commons, PO Box 1866, Mountain View, CA 94042, USA.





