ОШ ШААРЫНДАГЫ ТАРЫХЫЙ ЧЫНАР ТЕРЕКТЕРДИН ЖАШ КУРАГЫН ЖАНА РАДИАЛДЫК ӨСҮҮ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮН ДЕНДРОХРОНОЛОГИЯЛЫК ЫКМА МЕНЕН ИЗИЛДӨӨ

Авторы

  • Абсатаров Равшанбек Ракманалиевич А.Ж. атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети. Мырсабеков
  • Мамасадык уулу Арстанбек А.Ж. атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети. Мырсабеков
  • Арынбаев Эралы Калилович А.Ж. атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети. Мырсабеков

##plugins.pubIds.doi.readerDisplayName##:

https://doi.org/10.56122/..v1i2.674

Ключевые слова:

Platanus orientalis L., дендрохронология, радиалдык өсүш, жылдык шакекчелер, климаттык факторлор, Ош шаары.

Аннотация

Макалада Ош шаарындагы эки тарыхый чыгыш чынарынын (Platanus orientalis L.) дендрометриялык көрсөткүчтөрү, жылдык шакекчелеринин туурасы жана радиалдык өсүшүнүн өзгөчөлүктөрү каралды. Изилдөө объекттери катары Ош микрорайонунда жана Сулайман-Тоонун этегиндеги Курманжан Датка көчөсүндө өскөн чынар теректери тандалды. Дарактардын бийиктиги клинометр менен, сөңгөгүнүн айланасы 1,3 м бийиктикте өлчөндү. Жылдык өсүү шакекчелеринин туурасы LINTAB жарым автоматтык өлчөө системасы аркылуу аныкталып, маалыматтар TSAP программасында иштетилди. 1950–2025-жылдардагы климаттык маалыматтар менен салыштыруу үчүн Пирсондун корреляция коэффициенти колдонулду. Алдын ала талдоонун натыйжасында Ош микрорайонундагы чынардын радиалдык өсүшү менен орточо жылдык температуранын жана жаан-чачындын ортосунда алсыз оң байланыш аныкталды. Курманжан Датка көчөсүндөгү чынарда температура менен алсыз терс байланыш, ал эми жаан-чачын менен статистикалык жактан маанилүү эмес байланыш байкалды. Алынган натыйжалар дарактардын өсүшүн баалоодо климаттык көрсөткүчтөр менен катар жергиликтүү экологиялык шарттарды да эске алуу зарылдыгын көрсөтөт. Изилдөө тарыхый чынарларды дендрологиялык жактан баалоого жана аларды сактоо боюнча сунуштарды иштеп чыгууга негиз түзөт.

Библиографические ссылки

Ciaffi, M., Vettraino, A. M., Alicandri, E., et al. (2022). Dimensional and genetic characterization of the last oriental plane trees (Platanus orientalis L.) of historical sites in Lazio (central Italy). Urban Forestry & Urban Greening, 69, 127506. https://doi.org/10.1016/j.ufug.2022.127506

The dendroclimatic and dendrohydrologic potential of riparian plane trees (Platanus orientalis) along the Zayandeh-Rud River, Iran. (2024). Dendrochronologia, 86, 126228. https://doi.org/10.1016/j.dendro.2024.126228

Batur, M. (2022). A research on age estimation methods of monumental Eastern Plane (Platanus orientalis) trees. Research Square, алдын ала жарыяланган изилдөө. https://doi.org/10.21203/rs.3.rs-2142320/v1

Conservation of veteran trees within historical gardens (COVE): a case study applied to Platanus orientalis L. in central Italy. (2018). Urban Forestry & Urban Greening, 34, 336–347. https://doi.org/10.1016/j.ufug.2018.07.022

https://kyrgyzstan.climat.earth/osh-region/osh/

Опубликован

2026-11-08

Как цитировать

Абсатаров, Р., Мамасадык уулу , А., & Арынбаев, Э. (2026). ОШ ШААРЫНДАГЫ ТАРЫХЫЙ ЧЫНАР ТЕРЕКТЕРДИН ЖАШ КУРАГЫН ЖАНА РАДИАЛДЫК ӨСҮҮ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮН ДЕНДРОХРОНОЛОГИЯЛЫК ЫКМА МЕНЕН ИЗИЛДӨӨ. Вестник Ошского государственного педагогического университета имени А.Мырсабекова, 1(2), 3–10. https://doi.org/10.56122/.v1i2.674

##plugins.generic.recommendByAuthor.heading##

1 2 3 > >>