Наркеева Кыргыз адабияты сабагында «Сыдык акын жана ɵмʏр» деген темада класстан тышкаркы иштерди уюштуруу

Авторлор

  • Наркеева Акылай А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети

##semicolon##

https://doi.org/10.56122/..v1i2.185

##semicolon##

ийрим, усулдарды колдонуу, жүргүзүү, класстан тышкары иш, акын, ырлар, айтыштар, залкар, сабакн кыякчы, ɵнɵр, тагдыр, таалим-тарбия,терме, кɵңʏл, санат-насыят.

Аннотация

Кыргыз фольклору менен акындар чыгармачылыгы аң-сезимдин, коомдук өсүп-өнүгүүнүн күзгүсү. Алар жалаң гана адабий мурас, көркөм чыгарма катары эмес, кыргыз элинин улуттук идеологиясы менен философиясын окуп үйрөнүүдө, адамзат жашоосундагы акыл-эс жыйындысы катары пайдаланууда өзгөчө кызмат кылуучу зарыл каражат. Поэзия менен философия өтө тыгыз байланышта. Бул айрыкча кыргыз акындарынын чыгармаларына мүнөздүү көрүнүш. Кайсы гана акын болбосун өзүнүн ырларында жакшы менен жаманды ажыратып, ак-караны таанытып, өмүр менен өлүмдүн улуулугун моюнга алдырып, көркөм сөздүн жардамы менен турмуш чындыгын элге жеткирүүгө аракет кылган. Мындай милдет жазмыштан акындардын тагдырына туш болгон го. Жарык дүйнөдө ар бир пенденин аткара турган жумушу бар эмеспи. Мына ошондой түштүк акындарынын ичинде Токтогул, Барпы, Бекназар Нишан, Арзыбай, Ботобай, Орозаалы, Ташмат, Мырза, Жол- дош. Абдымомун, Амира, Үсөнбай комузчу, Сабан кыякчы, Кара комузчу сыяктуу чоң-чоң акындар, өнөр адамдары менен замандаш болуп, аш-тойлордо үзөнгүлөш жүрүп, айтыштарда өнөр сынашкан Сыдык Алайчиев ырчылар поэзиясына өз изин калтырган төкмө акын. Залкар ырчылардан таалим-тарбия алып, ырдоонун салтын үйрөнгөн. Алардын кыл чайнашып айтышкан дарын уккан. Сыдык Алайчиевдин ырчылык тагдырын, чыгармачылык жолун жогоруда аталган акындардан бөлүп кароого болбойт. Өзү жашаган аймакта кеңири белгилүү болуп, бирок убагында чыгармалары дагы да эртерээк жазылып алынбай, улгайган кезинде, башкача айтканда ырчылык өнөрдөн бир топ алыстаган учурунда көңүл бурулуп, айрым айтыштары, санат-насыят, терме ырлары унутулуп калган сыяктуу. Акындан аз ыр калса да, ырларын класстан тышкаркы окууларга киргизип, окуучуларга  класстан тышкаркы уюштуруу иштеринде колдонуп келсек болот.

##submission.citations##

Алимова М. Китеп окубаган жаштарга кантип келечекти ишенебиз? // https://www.bbc.com/kyrgyz/learning_english/2014/02/140218_book 10.

Алымов Б. Кыргыз совет адабиятын окутуунун методикасы. Жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн окуу китеби [Текст] / Б.Алымов. – Ф.: «Мектеп», 1981. – 219 б.

Иманалиев К. Кыргыз адабиятын окутуунун методикасы. –Ф.: Мектеп, 1976. – Б. 13.

Исаков Б., Исакова Б. Кыргыз адабияты: Орто мектептердин 9-классы үчүн окуу китеби.

Муратов А. Кыргыз адабиятын окутуу: теориясы жана практикасы.– Б.: «Турар», 2013.

«Тириглик»-Акындын өздүк архивинен алынды. Анда «Ти- риглик туурасында казал» деп аталат.

«Аялдар»-Акындын өздүк архивинен алынды. Анда «Аял- дар жөнүндө ыр» деп аталат.

«Жакшы аял менен жаман аял» С. Алайчиев «Ырлар»-жый- нак. Ф. «Кыргызстан», 1981-жыл, 26-27-беттер.

«Жакшы ат менен жакшы аял»-С. Алайчиев «Ырлар»-жый- нак. Ф. «Кыргызстан», 1981-жыл, 28-29-беттер.

«Ат жигиттин канаты»-Инв. № 682 (5319). 1978-жылы июнь айында К. Байжигитов акындын өз оозунан жазып алган. Мурда «Ат жөнүндө терме» деп аталган. Ырдын тексти айрым кыскартуулар менен берилди.

жарыяланган

2024-12-04