КЕНЖЕ МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК МАДАНИЯТЫН КАЛЫПТАНДЫРУУДА ЭЛДИК КЕНЧ-КАЗЫНАЛАРЫНЫН ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

Авторлор

  • Жалилова Самара Баймуратовна А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети

##semicolon##

https://doi.org/10.56122/..v2i2.217

##semicolon##

кенже мектеп окуучулары, экология, экологиялык маданият, айлана-чөйрө, кенч-казыналар.

Аннотация

Бул макалада башталгыч кенже мектеп окуучуларынын арасында экологиялык маданиятты калыптандыруу үчүн элдик байлыктарды окуу-тарбия процессинде колдонуунун маанисине көңүл бурулат.  Ошондой эле балдардын экологиялык маданиятын калыптандырууда элдик кенч-казыналарынын ролу изилденет. Изилдөө балдардын экологиялык аң-сезиминин өнүгүшүнө салттуу экологиялык баалуулуктар менен таанышуунун таасирин аныктоо максатында жүргүзүлөт.

               Макалада элдик байлыктар, экологиялык маданият түшүнүктөрү жана алардын окуу-тарбия процессинде өз ара аракеттенүү ыкмалары каралат. Балдардын экологиялык аң-сезимин өнүктүрүү үчүн маданий мурастарды колдонуунун педагогикалык ыкмалары талданат.Элдик кенч-казыналары-бул кыргыз элинин үрп-адаты, каада-салты, ырым-жырымдары, макал-лакаптары, жомоктору аркылуу берилген жаратылышка, табиятка болгон терең урматоо болуп эсептелет.

               Изилдөөнүн натыйжалары билим берүү тармагынын мугалимдери жана адистери үчүн пайдалуу болушу мүмкүн, бул аларга кенже мектеп окуучуларынын экологиялык маданиятын өнүктүрүү максатында окуу процессине маданий мурастын элементтерин натыйжалуу киргизүүгө мүмкүндүк берет.

##submission.citations##

Бекембай Апыш Тарбия назарияты Ош 1996ж.

Апышев Б., Бабаев Д., Жоробеков Т. Педагогика. - Бишкек, 2002. 4. Кулназаров Б. Жалпы экология. - Б, 1999

Заилова, Ж. Ж. Башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык түшүнүктөрүн калыптандыруу / Ж. Ж. Заилова // Вестник Жалал-Абадского государственного университета. – 2023. – No. 1(54). – P. 112-116. – EDN WUPIJU.

Султанкулов М.Д., Барпыбаев Т.Р. Экология. - Бишкек: Maxptint, 2018.

Кулназаров Б. Жалпы экология. - Б, 1999. - 364 б.

жарыяланган

2024-12-10

##submission.howToCite##