МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БАЛДАРДЫ МЕКТЕПКЕ ОКУУГА ДАЯРДООНУН МАКСАТЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

Авторлор

  • Кадырова Турна А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети

##semicolon##

https://doi.org/10.56122/..v1i1(25).272

##semicolon##

бала, мектепке даярдоо, максаты,окутуу, көндүмдөр, шарттар, каражаттар.

Аннотация

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын алдыдагы максаты болуп, мектеп жашына чейинки балдарды мектептеги окууга даярдоо болуп саналгандыктан, балдарды окууга кантип, канчалык деңгээлде даярдоо керек?- деген олуттуу суроо жаралат. Илимий макалада бул тема ушул мезгилге чейин кантип изилденип келген, кимдер изилдеген, кандай жыйынтыктар чыгарылгандыгы баяндалат. Мектеп жашына чейинки балдарды мектепке окууга даярдоонун азыркы глобалдашуу жана маалымат доорунда канчалык деңгээлде каралып жаткандыгын жана алдыдагы милдеттер, максаттар, жүргүзүлүүчү иштин мазмуну жөнүндө айтылат.    Мектепке окууга даярдоонун деңгээлдери, даярдыктын багыттарына анализ берилген. Балдарда окуу ишмердүүлүгүн калыптандыруу негизги маселе болуп каралды.

Окуу көндүмдөрүн өнүктүрүүнүн этаптарына мүнөздөмө берилген.Бала бакчанын балдарын мектептеги окууга педагогикалык, физиологиялык, психологиялык жактан өнүктүрүү менен даярдап баруу керектиги мурунтадан эле каралып, бул милдет азыркы учурда жаңы аспектиде актуалдуу жана проблемалуу маселе болуп жаткандыгы белгиленди. Илимпоздор сунуш кылган окуу ишмердүүлүгүнүн компоненттери жөнүндө баяндалат. Балдарда окуу ишмердүүлүгүнүн көндүмдөрүн  калыптандыруу  боюнча педагогикалык иштердин негизги багыттары сунуш кылынды. Мектепке окууга даярдоонун шарттары белгиленди. Бала бакча менен мектептин ортосундагы байланыш иштеринин мазмуну көрсөтүлгөн. Бала бакчада мектепке даярдоонун милдеттери жана иштердин формалары баяндалды.Балдарды мектепке окууга даярдоодо тарбиячыга коюлган милдеттер жана анын инсанына коюлган талаптарга басым жасалды.    

##submission.citations##

Ежкова Н.С. Дошкольная педагогика.Учебное пособие для ВУЗОВ /Н.С.Ежкова.- Издательство Юрайт. 2020г.

Кыргыз Республикасынын “ Мектепке чейинки билим берүү жөнүндөгү” мыйзамы. 2014ж. 30.05

Пичугина Л.С.“Дошкольная педагогика” Издательство: Москва 2015 г.

Болотина Л.Р. Дошкольная педагогика. Учебное пособие для ВУЗОВ /Л.Р.Болотина, Т.С.Комарова, СП.Баранов. М:Издательство Юрайт, 2020г. 5.Исаева А.А. “Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячылары үчүн усулдук колдонмо” Бишкек 2014-ж

Ежкова Н.С. Руководство самостоятельной деятельностью старших дошкольников / Н.С.Ежкова.- Детство – Пресс, 2015г

Усенко Л.В. Базисная программа воспитания, обучения и развития детей дошкольного возраста / А.В.Усенко, К.С.Сейдекулова. Бишкек, 2010г.

https://ilim.oshmpu.kg/index.php/01/article/view/238/163

https://ilim.oshmpu.kg/index.php/01/article/view/243/169

жарыяланган

2025-05-13